АКШнын президенти Дональд Трамп АКШдагы No Kings ( “Падыша деген болбосун” ) аттуу өкмөткө каршы нааразылык акцияларынын артында венгриялык-америкалык финансист Жорж Сорос жана башка солчул радикал “жиндилер” турушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
No Kings нааразылык акциялары өткөн ишембиде т.а. 18-октябрда өттү. The Hill басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын бардык 50 штатында жалпы 2600гө жакын демонстрация болгон. Уюштуруучулардын айтымында, митингдерге кеминде 7 миллион адам катышкан. Бул акциялар 1-октябрдан бери улантылып жаткан өкмөттүн ишинин токтоп турушунун (шатдаун) фонунда өтүп, миграциялык саясатка каршы нааразылыктарды да камтыган.
Катышуучулар улуттук желектер менен “Падыша деген болбосун”, “АКШны миллиардерлер өлтүрүп жатат”, “Монархия эмес, демократия”, “Фашизмге каршы тургула”, “Наразычылыктан өткөн патриоттук эч нерсе жок” деген плакаттарды кармап чыгышты.
Бир нече штаттарда тартипти сактоо үчүн Улуттук гвардия мобилизацияланган, бирок нааразылык акциясы тынч өттү.
“Менимче, бул тамаша сыяктуу. Мен бул адамдарды көрдүм — алар бул өлкөнүн жүзү эмес. Анан мен ошол жаңы плакаттардын баарын көрдүм. Билесиңерби, алар үчүн ким акча төлөдү? Сорос жана башка солчул радикал жиндилер. Балким, чын эле ошондой. Биз муну текшерип жатабыз”, — деди Трамп Air Force One бортунда сүйлөп жатып.
Америкалык лидердин айтымында, нааразылык акциялары анча чоң эмес жана “абдан натыйжасыз” болду.
Трамп өткөн жума күнү Fox News телеканалынын суроосуна жооп берип жатып, өкмөттүн ишинин убактылуу токтоп турушу (шатдаун) “No Kings” акциясына байланыштуубу деген суроого: “Мени падыша дешет, бирок мен падыша эмесмин”, — деп жооп берген.