АКШда президенттик шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө аяктап жатат. Акыркы маалыматтарга караганда, Республикалык партиянын талапкери жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп керек делген 270 добуштун 267син алганы, ал эми Демократиялык партиянын талапкери Камала Харрис 224 добуш алды.
Ал арада Франциянын президенти Эммануэль Макрон баш болгон айрым өлкө лидерлери Трампты куттуктай башташты.
АКШда президенттик шайлоого Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп алдыга чыкканын жарыялап, Кошмо штаттардын 47-президенти болуп шайланганын жар салды.
Флорида штатында тарапташтарынын алдында чыгып сүйлөгөн Трамп: “Силер үчүн күн сайын күрөшөм. Балдарыбыз жана силердин баарыңар татыктуу болгон коопсуз жана гүлдөгөн Американы түзмөйүнчө токтобойм. Бул Американын алтын доору болот”,-деди.
“Биздин өлкө жардамга муктаж, биз баарын оңдойбуз. Биз эч ким ишенбеген кыйынчылыктарды жеңе алдык. Америка элине рахмат айткым келет”,-деп кошумчалады.
Трамп буга чейин добуштар кандай чыгары таптакыр белгисиз болуп жаткан, “селкинчек” же “оомо” штаттардын жетөөндө тең алдыда экенин соңку эсептөөлөр көрсөттү. Учурда добуштарды эсептөө дагы деле уланып жатат.
Мар-а-Лаго резиденциясында Трамптын штаб-квартирасы жеңишти майрамдоого даярданып жатканы кабарланууда.
Жеңиш үчүн президенттикке талапкерлер шайлоочулардын 270 добушун алышы керек. The New York Times басылмасы жазгандай, азыр Трамп кеминде 246, Камала Харрис 210 упай топтоду.
Трамптын атаандашы, Демократтар партиясынан талапкер, азыркы вице-президент Камала Харристин шайлоо штабы добуштардын баары толук эсептелип бүтүшүн күтөрүн жана ал элге 6-ноябрдан калбай кайрылуу жасарын маалымдаган.
CNN телеканалы Камала Харрис шейшембиге караган түнү добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарына комментарий бербей турганын жарыялады. Анын Вашингтондогу штаб-квартирасында журналисттер жана Демократиялык партиянын жактоочулары үчүн иш-чара пландаштырылгандан эрте аяктады.
Кыргызстандын сааты менен 15:00гө карата Трамп АКШнын 47-президенти болуп шайланышы үчүн зарыл шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун ала элек, бирок негизги штаттардагы жыйынтык ал алдыда экендигин көрсөтүүдө.
Америкалык бир дагы басылма президенттик шайлоонун жеңүүчүсүн атай элек. Ага карабай, Трампты дүйнөдөгү бир нече өлкөнүн лидерлери, анын арасында Украинанын президенти Владимир Зеленский да куттуктап үлгүрүштү.
Добуштарды эсептөө башталганга чейин көпчүлүк талдоочулар алдын ала ар кандай сценарийлерди айтышкан, алардын көбү Дональд Трамп менен Камала Харрис жарышты бири-биринен азыраак айырма менен гана жыйынтыктайт деп божомолдошкон.
Республикачылар Сенаттагы шайлоодо да көпчүлүктү ээлеп баратканы кабарланууда.
Ал арада АКШдагы шайлоонун жыйынтыгынын фонунда доллардын курсу башка валюталарга карата кескин өсүп кеткени, мисалы, bitcoin 75 000 доллар, ал эми башка санариптик активдер жаңы рекорддук бааны көрсөткөнү кабарланууда.