Турсунбек Акун: Дүйнө коомчулугу АКШ менен Израилдин Иранга каршы кол салуусун жектеп, нааразылыгын көрсөтүшү керек

Укук коргоочу Турсунбек Акун Facebook баракчасында Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуяларга байланыштуу пикирин билдирди. Укук коргоочу Америка менен Израилдин Иранды бомбалап, объекттерин талкалап, адамдарды жана жаш балдарды өлтүрүп, адамга көргөзбөгөн кордуктарды көрсөтө баштаганын дүйнө коомчулугу жектеп, нааразылыгын көрсөтүшү керектигин билдирди.

Төмөндө Турсунбек Акундун пикирин өзгөртүүсүз беребиз

28-февраль 2026-жылы эки жактуу сүйлөшүү жүрүп жатканына карабастан Израиль менен Америка Иран Ислам Республикасына куралдуу кол салып, Ирандын территориясына жүздөгөн ракеталарды ыргытып, маанилүү объекттерди талкалап, Иран Ислам Республикасынын башчысы отурган сарайды бомбалап, Аятолла Хаменеини үй-бүлөө мүчөлөрү менен чогуу өлтүрүштү. Башка дагы Иран Ислам Республикасынын жогорку даражадагы жетекчилери жок кылынгандыгы боюнча маалыматтар тарады.

2025-жылы июнь айында дагы Америка менен Ирандын ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканына карабастан Израиль Иранга кол салып, эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүнү биротоло жокко чыгарып, Израиль менен Ирандын ортосунда 12 күндүк согуш болуп, эки тарап тең жабыркап, акыры Израиль Ирандан жеңиле турган болгондо Америка ортого түшүп, согушту токтоткон эле.

Мына ушундан эле, буга чейинки Американын Президенттери, анын ичинде Дональд Трамп дагы Израиль лоббисине баш ийе тургандыгынын ачык далили болуп калды. Америка Израилдин таасиринен чыга албасын бул согуш ачыктады. Бул согушту Американын Президенти Трамп башкарбастан, Израилдин Премьер-Министри Беньямин Нетаньяху башкарып, баары ошонун айтканындай болуп жатканы кейиштүү болууда.

Анткени дүйнөгө белгилүү Америкалык экономист Жеффри Сакс айткандай, бул согуштун бирден-бир максаты Израиль Жакынкы Чыгышка үстөмдүк кылып, ал эми Америка дүйнө жүзүнө үстөмдүк кылуу максатында жүргүзүлүп жатканы ачык эле белгилүү болуп калды.

Сүйлөшүү убагында Иран Ислам Республикасы Америка койгон талаптардын көбүнө макул болуп, уранды тынчтык багытында гана байытып, аны далилдөө максатында өзүнүн территориясына МАГАТЭнин инспекторлорун киргизүүгө да уруксаат бергендиги белгилүү болгон.

Мына ушундай компромистерге карабастан, Американын Президенти Дональд Трамп Нетаньяхунун сөзүнө кирип, өз позициясы бар жана көз каранды эмес суверендүү мамлекет болгон Иран өлкөсүнө согуш ачып, дүйнөлүк жандармериянын ролун аткарып жаткандыгын, ар бир дүйнө жарандары кечирбей турган иш. Трамптын бул аракети эл аралык кылмыштардын катарына кирет.

Америка менен Израиль бул регионго жана дүйнөгө өз үстөмдүгүн жүргүзүү максатында Иранга басып кирип, шаарларын бомбалап, объекттерин талкалап, адамдарды жана жаш балдарды өлтүрүп, адамга көргөзбөгөн кордуктарды көрсөтө баштаганын дүйнө коомчулугу жектеп, нааразылыгын көрсөтүшү керек.
Америка менен Израилдин кол салуусунан Иран элинин башчысы Аятолла Хаменеи каза болуп, азыр Иран эли аза күтүп турган учуру.

Мындан тышкары, Америка менен Израилдин кол салуусунан ондогон объекттер талкаланып, аскердик жайлар өрттөнүп, жүздөгөн эч бир күнөөсү жок Иран жарандары каза болуп, Ирандын Минаб шаарында 148 окуучу кыздар өлүп, ата-энелер азапка түшүп, кайгы жеп жаткан чакта ар бир дүйнөнүн аң-сезимдүү жараны өз позициясын билдириши керек.

Дүйнөнүн акыйкаттыкты жана тынчтыкты сүйгөн мамлекеттери, дүйнө лидерлери, Нобель сыйлыгынын ээлери, дүйнөнүн активдүү позициясы бар жарандары Америка жана Израиль өңдүү баскынчы өлкөгө каршы түп көтөрүлүп, түрдүү марштарды, демонстрацияларды, жөө жүрүштөрдү, митингдерди жана жыйындарды уюштуруп, өз позицияларын ачык билдириши азыркы мезгилдин кечиктирилгис талабы.

Ирандын жетекчилиги Америка менен Израилдин кол салуусуна багынып калбастан Израиль мамлекетинин территориясына жана Американын Жакынкы Чыгыштагы элчиликтери жайгашкан он чакты өлкөгө ракетасын атып, алардын дагы көптөгөн объекттерин, имараттарын талкалаганга жетишти. Азырынча бир нече адамдын каза болгондугу боюнча маалыматар бар.

Ирандын кол салуусунун аркасынан Жакынкы Чыгыш регионунда көп мамлекеттер өзгөчө абал жарыялап, көп жерлерде жумуш токтоп, элдер жер алдындагы бункерлерге жашынып, аэропорттор иштебей, жүздөгөн адамдар кезек күтүп саргарып, кемелер жүрбөй, Жакынкы Чыгыштан миңдеген адамдар качып, жалпы регион кризистик абалга кабылууда. Ошентип бул согуштан биринчи ирээт карапайым адамдар жабыр тартышууда.

Ошондуктан, БРИКСке кирген Россия, Кытай, Индия жана башка мамлекеттер ортого түшүп, Америка менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүнү кайрадан улантып, бул кандуу согушту тез аранын ичинде токтотуусу зарыл.

Америка менен Израилдин мындай өзүм билемдик саясатын, ал экөөнүн дүйнөлүк жандармериялык амбициясын ядролук мамлекет болуп эсептелишкен Россия менен Кытай гана токтото алат. Америка менен Израиль башка эч бир күчтөн коркушпайт. Ал эми БРИКСке кирген мамлекет болуп саналган Иран дүйнөлүк жандармерия болгон Америка менен согушуп жатса, Россия менен Кытайдын байкоочу катары карап турушу жакшы эмес.

Эгер Россия менен Кытай Америкага каршы азыр чечкиндүү аракеттерди көрө албаса, Ирандын тагдыры эртең эле алардын башына келээри турган иш.

Келгиле, дүйнөдөгү активдүү, прогрессивдүү жана жер жүзүндөгү тынчтыкты сүйгөн күчтөр биригип, Америка өңдүү дүйнөлүк жандармерияга каршы туралы. Көп жылдардан бери Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерге каршы тукум курут (геноцид) саясатын жүргүзүп жаткан Израиль сыяктуу баскынчы мамлекеттин чыныгы бетин ачып, бул региондун тынчтыгы үчүн бүт аракетибизди көрөлү.