“Тынчтыкка жол же чыңалуунун уланышы”: Пакистан менен Талибандын сүйлөшүүлөрүнүн сценарийлери

Пакистандын “Техрик-е Талибан Пакистан” террордук уюмунун башчысын жок кылуу максатында Кабулга түз аба соккусун жасагандан кийин жана эки өлкөнүн чек арасы болгон Дюранд сызыгынын аймагында бир жумага созулган куралдуу кагылышуудан соң Катардын ортомчулугу менен эки тарап ортосунда ок атууну токтотуу келишими түзүлгөн. Дохадагы макулдашууга ылайык, Пакистан менен Талибан өкмөтү туруктуу тынчтыкка алып келүүчү кеңири келишимге жетүү үчүн кийинки сүйлөшүүлөрдү Стамбул шаарында Түркия жана Катар биргелешип ортомчу болгон шартта улантууга тийиш болчу.

Бирок үч айлампа сүйлөшүү өтсө да, тараптар конкреттүү жыйынтыкка жете алышкан жок. Учурда кырдаалды эске алуу менен ар кыл варианттарды боолголосо болору менен бул талдоодо үч негизги сценарий каралат:

  • Ар тараптуу макулдашууга жетишүү;
  • Сүйлөшүүлөрдүн толук кыйроосу;
  • Чыңалган абалдын улануусу.

Ар бир сценарийдин өзүнчө кесепеттери болуп, алар Афганистан–Пакистан мамилелерине жана жалпы аймакка узак мөөнөттүү таасир этет. Бул макалада үч сценарийдин ишке ашуу ыктымалдыгы жана алардын мүмкүн болгон жыйынтыктары талданат.

1. Ар тараптуу макулдашууга жетишүү сценарийи

Пакистан менен Талибан өкмөтүнүн ар тараптуу келишимге жетишүүсүнө таасир этүүчү үч негизги фактор бар:

а) Экономикалык фактор

Афганистан менен Пакистан экономикалык жактан бири-бирине катуу көз каранды. Пакистан — Афганистандын негизги экспорттук өнөктөшү, өзгөчө сезондук айыл чарба продукциясын кабыл алган эң чоң рынок. Экинчи жагынан, Афганистан да Пакистандын өндүрүш товарлары үчүн маанилүү рынок болуп саналат.

Транзит жагынан да эки өлкө тең бири-бирине муктаж абалда. Бүгүнкү күндө алар Трансафган, ТАПИ жана CASA-1000 сыяктуу ири регионалдык долбоорлордон өзгөчө үмүт үзбөй турат. Ушундай экономикалык муктаждык азыркы кризистен чыгуу үчүн эки тарапты ар тараптуу келишимге мажбурлашы мүмкүн. Бирок мунун ийгилиги тараптардын өз ара экономикалык алсыздыкты кантип баалаарына жана кандай жеңилдиктерди берүүгө даярдыгына жараша болот.

б) Ортомчулардын ролу

Азырынча ортомчулардын ролу аракет менен гана чектелүүдө. Бирок Түркия менен Катар ортомчулук ролун толук кандуу аткара алса, бул туңгуюктан чыгуунун ачкычы болушу мүмкүн. Мындан тышкары, Кытай да кызыкдар тарап катары сүйлөшүүлөргө кошулуусу күмөнсүз. Себеби учурдагы чыңалуу анын “Бир алкак – бир жол” демилгесине түздөн-түз зыян келтирүүдө. Азыркы ок атышпоо аркылуу кризис дээрлик басаңдаганы менен эгер ал күчөп, масштабдуу жаңжал башталса (ыктымалдуулук аз), анда Иран, Сауд Арабиясы, БАЭ, Россия жана Борбор Азия өлкөлөрү да бул көйгөйдү чечүү үчүн кандайдыр бир демилгени көрсөтөт.

Андан сырткары, Пакистан да, Талибан да АКШнын президенти Дональд Трамптын ортомчу болушун каалашы ыктымал. Трамптын арачылыгы кризисти чечүүдө башка ортомчуларга караганда натыйжалуураак болушу мүмкүн.

в) Талибанга кысым көрсөтүүнү улантуу

Учурдагы алсыз кырдаал эки тарапка тең зыян келтирсе да, Пакистандын экономикалык жана аскерий мүмкүнчүлүктөрүн жана анын аймакты жана учурдагы топторду көзөмөлдөөсүн эске алганда, өлкө үстөмдүк кылууда. Бул үстөмдүк талип өкмөтүнө көп тараптуу кысым көрсөтүү жана атүгүл Каршылык көрсөтүү фронту сыяктуу талиптерге каршы топторду колдонуу менен бирге, акыры Талибанды компромисске барууга мажбурлашы мүмкүн.

Дагы бир ыктымалдык, Пакистан кырдаалдан жана башкарылган кризистен пайдаланып, акырында талиптердин өкмөтүн басып, аны кеңири жана каалаган келишим түзүүгө мажбурлашы мүмкүн. Пакистандын аскерий жетекчилери АКШ менен макулдашылган стратегиянын алкагында аракет кылышы мүмкүн деген божомолдор да бар. Пакистан ички маселелерди чечүү үчүн мындай кризистерди көп колдонгон.

2. «Сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учуроо» сценарийи

Учурдагы эки тараптын талаптарын эске алганда, сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурашы да ыктымал көрүнөт.

Тараптардын талаптары

Эки тараптын коопсуздукка байланышкан жана эч кандай чегинүүгө мүмкүн болбогон талаптарынан улам жаралган түйүн өтө терең болууда. Пакистандын негизги жана ачык талабы — Талибан “Техрик-е Талибан Пакистан” террордук уюмуна болгон колдоосун токтотуп, ал топтун Пакистан аймагында ар кандай кыйратуучу иш-аракеттеринин алдын алууга милдеттениши керек. Пакистандын бул талабы “Техрик-е Талибан Пакистан” террордук уюму Афганистанда коопсуз жерлери бар жана Талибандын колдоосу менен Пакистанга каршы аракеттенүүдө деген логикага негизделет. Пакистан бул багытта Талибандан жазуу жүзүндө милдеттеме алууну талап кылып гана тим болбостон, башка бир маанилүү талабы да бар. Ал эки өлкөнүн чек арасы катары Дюранд сызыгын расмий таануу. Мындай милдеттемени алуу “Техрик-е Талибан Пакистан” маселесин жоюу менен бирге, Афганистандын Хайбер-Пахтунхва аймагын Пакистандын расмий аймагы катары таануусу дегенди да билдирет.

Албетте, Талибан “Техрик-е Талибан Пакистан” уюмуна болгон колдоосун кыскартышы мүмкүн, бирок Дюранд сызыгын расмий түрдө тааный турган эч кандай документти Пакистанга бербейт. Өз кезегинде Талибан» өкмөтү “Техрик-е Талибан Пакистан” уюмуна колдоо көрсөтүүнү четке кагып, аны Пакистандын ички маселеси деп атап, жоопкерчиликти өз мойнуна алуудан баш тартат. Ошол эле учурда, Пакистан аймагында “ИМ” террордук уюму бар экенин жана ал топтун чабуулдары Пакистан тараптан Афганистанга жасалып жатканын айтып, Пакистандан бул чабуулдардын алдын алууну талап кылууда. Табигый түрдө, Исламабад Талибан айткан бул дооматтарды таптакыр кабыл албайт. Демек, эки тарап тең өз негизги позицияларынан баш тартпагандыктан, сүйлөшүүлөрдүн тунгуюкка учурашынын эң чоң себеби да ушунда.

Учурдагы карама-каршылыкты саясий курал катары пайдалануу

Сүйлөшүүлөрдү тунгуюкка кептеген дагы бир фактор — эки тарап тең учурдагы чыңалууну өз кызыкчылыгына колдонуп жатканы.

Талибан үчүн Пакистан сыяктуу эл ичинде терс образга ээ болгон сырткы душманды түзүү — ички биримдикти бекемдөөнүн жана улуттук суверенитетти коргоо урааны менен легитимдүүлүгүн арттыруунун бир жолу. Ошондой эле ички социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн элдин көңүлүн четке буруу үчүн да Пакистан менен болгон чыңалуу пайдалуу.

Мындан тышкары, Талибан пакистан-фобия аркылуу Индиядан артыкчылыктарды алууга үмүттөнөт.

Экинчи тарап — Пакистан да учурдагы кризисти өз максаттарында колдонууда. Бул ички саясаттагы кемчиликтерди актоодон баштап, армия жана саясий түзүмдөрдүн ичиндеги ынтымакты камсыз кылууга чейин, эл аралык коомчулуктан кошумча колдоо алууга чейин кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт.

Исламабаддагы саясий чөйрөлөрдө кеңири тараган түшүнүккө ылайык, Индия менен кызматташкан, туруктуу жана экономикалык жактан өнүккөн Афганистан — Пакистандын экзистенциалдык философиясына коркунуч туудурат. Ушул себептен Пакистан мындай чыңалууну жаратуу менен Афганистандын туруктуулук жана өнүгүү багытындагы аракеттерин бузууну көздөйт.

3. «Кво-макамды сактоо» сценарийи

Дагы бир сценарий боюнча, эки тарап ар тараптуу келишимге келе албай, кво-макамы улана берет. Бул сценарийге ылайык, Пакистан эки өлкөнүн ортосундагы чек араны акырындап жана мезгил-мезгили менен ача баштайт, экономикалык алмашуулар да мурдагыдай улана берет. “Техрик-е Талибан Пакистан” уюмунун чабуулдары мурдагыдай эле уланат, анын натыйжасында Пакистан Афганистандын аймагына, керек болсо Кабулга чейин абадан сокку уруусун улантат. Мындай шартта Пакистан чабуулдарын Афганистандын ички аймактарына, айрыкча Кабулга жасабашы үчүн, Талибан өкмөтү “Техрик-е Талибан Пакистан” уюмун Пакистандагы сезимтал эмес аймактарга жана объектилерге гана чабуул жасоого мажбурлайт.

Ушул арада ар кандай ортомчулар тарабынан үзгүлтүккө учураган, жыйынтыгы жок сүйлөшүүлөр өтөт. Алар көбүнчө формалдуу мүнөздө болот. Бул сценарий жогоруда айтылган себептерден улам эки тарап тең учурдагы абалдан пайда көрүп жатканын эске алганда, эң ынанымдуу вариант болуп калат.

Үч сценарийдин кесепеттери

Албетте, эгер кеңири жана чыныгы бир келишимге жетишилсе, абал мурдагыдай табигый нукка кайтып келет. Бул болсо Исламабад менен Талибан өкмөтү өз ара коопсуздук маселесин — “Техрик-е Талибан Пакистан” уюму жана “ИМ” террордук уюму көйгөйүн — толук чечкен шартта гана мүмкүн. Бирок эки тараптын максаттары жана талабын эске алганда, бул маселенин түп-тамыры менен чечилиши күмөн.

Ошентсе да, эгер эки өлкө товар транзити, ресурстар жана энергия аркылуу экономикалык келечекке үмүт артса, анда бул маселени негизги деңгээлде чечүүгө аргасыз болушат. Мындай учурда Афганистан өз кыялына — аймактык түйүн болуу ролуна — жетип, Борбор Азия менен Түштүк Азияны, Батыш Азия менен Чыгыш Азияны туташтыруу аркылуу бардык тараптар үчүн биргелешкен кызыкчылыктарды камсыздай алат.

Калган эки сценарий бири-бирине өтө окшош болуп, эки өлкөнүн мамилелерине, ошондой эле аймактын коопсуздугуна жана экономикасына бирдей таасир тийгизет. Эгер сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурап, азыркы чыңалуу улана берсе, эки өлкөнүн жана бүтүндөй аймактын абалы башкача нукка өтөт. Талибан ички максаттарына жана Индиянын кызыкчылыктарына ылайык, “Техрик-е Талибан Пакистан” уюмуна, Белужистан сепаратисттик топторуна жана башка Пакистанга каршы топторго колдоо берүүнү улантат. Ал эми Пакистан болсо “ИМ” террордук уюму же талиптерге каршы башка топтор аркылуу Афганистанда баш аламандык жаратууга аракет кылат.

Эске алчу жагдай, келечекте Пакистан Талибанга каршы башка топторду колдонууга көбүрөөк көңүл бурушу мүмкүн. Анткени бул топторду колдоо “ИМ” террордук уюму менен иштешүүгө караганда Пакистан үчүн саясий жактан азыраак терс таасир алып келет. Артиллериялык жана абадан жасалган аскерий чабуулдар да күн тартибинен түшпөйт.

Мунун натыйжасында Афганистанда мурдагы он жылдардагы сценарийлер кайра кайталанышы мүмкүн, бирок бул жолу Талибан Пакистанга каршы колдончу кыйла коркунучтуу куралдарга ээ болуп турат. Аймактык деңгээлде жалгыз Индия гана бул баш аламан абалдан пайда көрүшү мүмкүн, башка өлкөлөр үчүн болсо бул — “Пандора кутусунун” ачкандай болот. Мындай шартта мындай мүмкүнчүлүктү аңдып жаткан АКШ Россия жана Кытай сыяктуу атаандаштары менен күрөшкө жакшы мүмкүнчүлүк алат.

Жалпы корутунду

Ушул иликтөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, “кво-макамын” улантуу сценарийи, башкача айтканда, сүйлөшүүлөрдүн ийгиликсиз болушу, эң реалдуу вариант болуп көрүнөт. Анткени эки өлкөнүн ортосундагы пикир келишпестиктердин тереңдиги жана алардын чыр-чатактын себептерин аныктоо «нөл суммалык оюнду» көрсөтөт. Мындан тышкары, ар бир тараптын талаштуу маселелерди курал катары колдонушу мындан ары да келечекти белгисиз кылат. Бул узакка созулган, өнөкөт, бирок жөнгө салынуучу чыр-чатактын консолидациясын билдирет.

Талибан өкмөтү Пакистанга каршы Афганистанда өкүм сүргөн коомдук атмосфераны оптималдуу пайдалана алат. Исламабад болсо бул маселеде Индиянын жана “Техрик-е Талибан Пакистан” уюмунун ролун көрсөтүү менен Пакистандын коомдук пикирин Талибан өкмөтүнө каршы ого бетер тукуруп, упай топтойт.

Бирок, бул жагдай кайрадан  Афганистанда жана Пакистандын айрым бөлүктөрүндө туруксуздуктун күчөшүнө алып келет, жаңы аймактык коркунучтарды жаратат жана ири экономикалык долбоорлорду коркунучка салат.

Акыр-аягы, кризис тышкы күчтөрдүн кайтып келишине жана алардын ооган-пакистан аймагындагы геосаясий кагылыштарына жол ачат.

Автор: Мирахмад Машал, Афганистан маселелери боюнча эксперт