Кытайда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тарыхындагы эң ири саммит жыйынтыкталды. Ага 30дан ашык мамлекет башчылары, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Ирандын президенти Масуд Пезешкян, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш катышты.
Иш-чара Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин төрагалы астында өттү. Катышуучулар саммиттин жыйынтыгы боюнча 20 документке кол коюшту, анын ичинде Тяньцзинь декларациясын кабыл алышты, КЭР төрагасы Си Цзиньпин глобалдык башкаруу демилгесин сунуштады.
ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык бирикме. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан жана Беларус кирет. Байкоочу өлкөлөр: Афганистан жана Монголия; өнөктөш өлкөлөр: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, БАЭ, Түркия жана Шри-Ланка.
Кол коюлган документтер жана Тяньцзинь декларациясы
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кабыл алынды.
1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Тяньцзин декларациясы.
2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча документтерди бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими:
– Шанхай кызматташтык уюмунун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы;
– 2026–2030-жылдарга Шанхай кызматташтык уюмунун аймагында экстремисттик идеологияга каршы туруу боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтык программасы;
– 2030-жылга чейинки мезгилге Шанхай кызматташтык уюмунун энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча жол картасы.
3. Лаос Элдик Демократиялык Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунун диалог боюнча өнөктөшү статусун берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
4. Шанхай кызматташтык уюмунун Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинде байкоочу статусун алуусу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
5. «Шанхай кызматташтык уюмунун өнөктөшү» статусу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарын 2025-2026-жылдарга Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө чечими.
7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин ШКУнун Башкы катчысынын төмөнкү документтерге кол коюу боюнча ыйгарым укуктары жөнүндө чечими:
– 2004-жылдын 17-июнундагы Шанхай кызматташтык уюму менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын Кытай Эл Республикасында болуу шарттары жөнүндө макулдашууга карата протокол;
– Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен “Росконгресс” фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндөгү баяндамаларды бекитүү тууралуу чечими:
– Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасы;
– Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Кеңешинин 2024-жылдагы Регионалдык антитеррордук түзүмдүн ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасы.
9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизатка каршы борбору жөнүндө макулдашуусу.
10. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна каршы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча Универсалдуу борбор жөнүндө макулдашуусу.
11. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү.
12. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин санарип экономика тармагында кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө билдирүүсү.
13. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин энергетиканы туруктуу өнүктүрүү боюнча билдирүүсү.
14. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин “жашыл” өнөр жай тармагында кызматташтык жөнүндө билдирүүсү.
15. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жасалма интеллект жаатында эл аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жөнүндө билдирүүсү.
16. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин көп тараптуу соода системасын колдоо жөнүндө билдирүүсү.
17. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин дүйнөлүк баңгизат көйгөйүн натыйжалуу чечүү жана ага каршы күрөшүү боюнча билдирүүсү.
18. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин илимий-техникалык жана инновациялык кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө билдирүүсү.
– Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин туруктуу өнүгүү жаатында инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө билдирүүсү;
– 2004-жылдын 17-июнундагы Шанхай кызматташтык уюму менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын Кытай Эл Республикасында болуу шарттары жөнүндө макулдашууга карата протокол.
Си Цзиньпиндин сунушу
КЭР төрагасы Си Цзиньпин “ШКУ плюс” кеңейтилген жыйынында глобалдык башкаруу демилгесин сунуштады.
Демилге беш пункттан турат:
- Глобалдык башкаруунун адилеттүү жана рационалдуу системасын түзүүдө эгемендик теңчилик сөзсүз сакталууга тийиш. Өлкөнүн көлөмүнө, күчүнө же байлыгына карабай, ар бир мамлекетке жаңы эл аралык системада катышууга, чечим кабыл алууга жана пайда көрүүгө бирдей мүмкүнчүлүк берилиши керек.
- Эл аралык укуктун үстөмдүгүн жана бирдей колдонулушун камсыздоо зарыл. Кош стандарттарга жол берилбеши керек жана аз сандагы мамлекеттер өздөрүнүн “ички тартибин” башкаларга таңуулоосуна жол бербеш керек.
- Өлкөлөр көп тараптуу мамилени карманышы зарыл.
- Бардык өлкөлөрдүн элинин катышуусун камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк башкаруу системасын реформалоо жана өркүндөтүү керек. Жалпы чакырыктарга каршы туруу, Түндүк менен Түштүктүн өнүгүү деңгээлиндеги ажырымды жоюу жана бардык өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктарын коргоо үчүн натыйжалуу чаралар көрүлүшү керек.
- Иш-аракетке багытталган өнүгүүгө басым жасоо, системалуу пландаштырууну жана прогрессивдүү өнүгүүнү кармануу зарыл.