Түндүк Корея Түштүк Кореяга барчу эки жолду жардырып салды

Түндүк Корея өзүнүн чек ара тарабындагы эки кореялар аралык унаа жолунун бир бөлүгүн жардырганын Yonhap агенттиги Штаб башчыларынын бириккен комитетине таянуу менен билдирди.

“Түндүк Корея Түндүк Кореянын Түндүк-Түштүк сызыгы боюнча аскердик демаркация сызыгынын айрым бөлүктөрүн бузуп салды”, — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Түндүк Кореянын эки өлкөнү  бириктирүүчү жолду бузуусу кореялар аралык кургактык жолун толугу менен кесип салуу ниети катары чечмеленүүдө. «Түштүк Корея менен байланышкан биздин аймактагы автожолдор жана темир жолдор толугу менен үзүлүп, аны бекемдөө үчүн курулуш иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат КЭДР Башкы штабынын билдирүүсүндө.

Өткөн жылдын аягынан бери Түндүк Корея Түштүк Корея менен кургактык каттамдарын кесүү үчүн жолдорго мина коюп, темир жол рельстерин жана жанындагы имараттарды бузуп жатат.

Комментарий жиберүү