Түндүк Корея япониялык аткаминердин ядролук курал жөнүндөгү билдирүүсүн сынга алды

Түндүк Корея Япониянын ядролук куралга ээ болууга умтулуусун “кандай гана жол болбосун токтотуу керек” деп эсептейт. Бул тууралуу жекшемби күнү, 21-декабрда түндүк кореялык мамлекеттик KCNA маалымат агенттиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен кабарлады.

“Япониянын ядролук куралга ээ болуу аракетин “кандай гана жол болбосун алдын алуу зарыл”, – деди Түндүк Кореянын ТИМине караштуу Японияны изилдөө институтунун директору.

Түндүк Корея тараптан бул билдирүү Япониянын премьер-министринин кеңсесинин өкүлү Токио “ядролук куралга ээ болушу керек” деп айткан соң жасалды.

“Менимче, биз ядролук куралга ээ болушубуз керек”, — деген аткаминердин сөзүн япониялык Kyodo News агенттиги келтирген.

Kyodo News белгилегендей, бул маек расмий эмес мүнөздө болуп, маалыматты жарыялабоо шарты менен өткөн. Ошого карабастан агенттик мамлекеттик кызматкердин сөздөрүн коомчулукка чыгарууну туура көргөн.

Япония өкмөтү салттуу түрдө “үч ядролук эмес принципти” — ядролук куралга ээ болбоо, аны өндүрбөө жана өлкөгө алып кирбөө саясатын карманып келет.

Аткаминердин резонанстуу билдирүүсүнө Япониянын бийлиги да жооп кайтарды. Министрлер кабинетинин башкы катчысы Минору Кихара басма сөз жыйынында япон өкмөтү ядролук куралга ээ болуунун зарылдыгы жөнүндө премьер-министрдин кабинетинин мүчөсүнүн билдирүүлөрүнө карабастан, үч ядролук эмес принципти сактоону улантарын баса белгиледи.

“Мамлекеттик саясат катары Япония үч ядролук эмес принципти бекем карманат. Атомдук бомбалоону башынан өткөргөн дүйнөдөгү жалгыз өлкө катары Япония ядролук куралсыз дүйнөгө жетүү максатында Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимдин (ЯКЖК) режимин сактоо жана бекемдөө үчүн реалдуу жана практикалык чараларды илгерилетет”, — деди Кихара.

Журналисттердин ядролук курал тууралуу билдирүү жасаган аткаминерге карата жоопкерчилик же кадрдык чаралар көрүлүшү мүмкүнбү деген суроосуна Минору Кихара түз жооп берүүдөн баш тартты.