Түркиянын түндүк-батышында “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери менен болгон куралдуу кагылышууда үч полиция кызматкери каза болуп, сегизи жараат алды.
Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая билдирди.
Министрдин айтымында, Ялова провинциясындагы операциянын жүрүшүндө алты экстремист жок кылынды.
“Ялова провинциясында жүргүзүлгөн операцияда ИМ террорчуларынын ок атууларынын натыйжасында үч полиция кызматкерибиз каза болуп, сегиз полиция кызматкерибиз жана бир күзөтчү жаракат алды. ИМдин алты террористи жок кылынды”, — деди министр журналисттерге.
Ал белгилегендей, террористтердин бардыгы Түркиянын жарандары болгон.
“Террорчулар жайгашкан даректе операция саат 02:00дө башталды. Террорчулар жайгашкан үйдө аялдар менен балдар болгондугуна байланыштуу өзгөчө этияттык менен жүргүзүлдү. Беш аял жана алты бала ийгиликтүү эвакуацияланды. Операция эртең мененки саат 9:40та аяктады”, — деди Ерликая.
Мунун алдында, 26-декабрда NTV телеканалы Түркиянын коопсуздук күчтөрү жаңы жылдык майрамдарда теракт уюштурууну пландаган “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мүчөсүн кармаганын кабарлаган.
Ибрагим Буртакучин аттуу согушкерди кармоо операциясы өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Малатья шаарында полиция жана контрчалгын кызматтары тарабынан жүргүзүлгөн. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Түркияда жана чет өлкөлөрдө ИМдин жактоочулары менен байланышта болуп, теракттарды даярдоого аракет кылган. Так кайсы жерлерде чабуул уюштурулмак экени айтылган жок.
Ошондой эле 25-декабрда Стамбул шаарында “Ислам мамлекети” уюмуна тиешеси бар деген шек менен 115 адам кармалып, алардын алдыдагы майрамдарда теракт жасоону көздөшкөнү аныкталган.