Түркияда нааразылык акциясы Анталияга чейин жетти

Түркияны каптаган массалык нааразылык акцияларынын алтынчы күнүндө толкундоолор туристтик шаар Анталияга чейин жетти.

26-мартка караган түнү жүздөгөн демонстранттар шаардын борборун аралап өтүп, укук коргоо органдары менен кагылышууга алып келди. Бул маалыматты «Интересной России» басылмасы жазды.

Буга чейин нааразылык акцияларынын эпицентри Стамбул жана Анкара болуп саналса, анда митингдерге миңдеген катышуучулар келген. Азыр толкундоолор курорттук аймакка да таасирин тийгизди.

Бийлик эс алуучуларга эл көп чогулган жерлерден оолак болууну жана провокация орун алышы мүмкүн болгон муниципиалдык имараттардан алыс болууну сунуштады.

Ал эми 24-март күнү президент Режеп Тайып Эрдоган президенттик комплексте өткөн өкмөттүк жыйындан кийин оппозицияга катуу билдирүү жасап, түрк жарандарынын тынчтыгын провокациялар менен бузбоону талап кылып, вандалдык чабуулдарды оппозиция лидери менен анын тарапкерлерине жүктөгөн.

Учурда Стамбул менен Анкарадагы Гези паркы жана Таксим аянты сыяктуу негизги аттракциондор жабылган. Ошондуктан экскурсиялык программалар жокко чыгарылып же кийинкиге жылдырылууда.
Бирок Түркиядагы азыркы кырдаал туристтердин тынчсыздануусун жаратып жатат. Алардын баамында, нааразылык акцияларынын күчөшү бул өлкөгө жайкы турларга суроо-талапты бир топ азайтышы мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, 19-марттан тарта өлкөдө массалык акция уланып жаткандыктан, Telegramдан башка чет элдик социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынган. Бул мессенжерлердин ишин үзгүлтүккө учуратып, коноктордун нааразычылыгын жаратууда.

Дагы башка маалымат булактардын билдирүүсүндө, Стамбулдун мэри Экрем Имамоглунун камакка алынышына жооп иретинде башталган нааразылык акциялары Түркия менен эле чектелбейт. Европадагы түрк диаспорасы, анын ичинде Вена жана Барселона сыяктуу шаарлар тилектештик акцияларын уюштурушту.

Митингчилер президент Режеп Тайып Эрдогандын саясатына каршы чыгышып, аны оппозицияны басып жатат деп айыпташууда.

Ага карабай түрк бийлиги ички толкундоолорго катаал жооп кайтарууну улантууда.

Өткөн түнү өлкөнүн ар кайсы шаарларында дагы 43 демонстрант кармалды. Аларга президент Эрдоганды жана анын үй-бүлөсүн кемсинткен деген айып тагылууда.

Түркиядагы толкундоолор башталгандан бери кармалган демонстранттардын жалпы саны 1000ден ашканын 24-мартта өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликая билдирген.