Түркиянын асманынан баллистикалык ракета атып түшүрүлдү

Жакынкы Чыгышта жаңжал башталгандан бери биринчи жолу Түркиянын асманында баллистикалык ракета жок кылынды, жабыркагандар жок.

Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

Ведомстовнун маалыматына караганда, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жайгаштырылган НАТОнун абадан жана ракетадан коргонуу күчтөрү Ирандан учурулган деп болжолдонгон баллистикалык ракетаны дароо кармап, жок кылышкан. Ракеталардын сыныктары Хатай провинциясынын Дёртйол районуна кулаган.

Министрлик Түркия ар кандай душмандык чабуулга жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырып, НАТО жана башка өнөктөштөр менен консультацияларды улантаарын баса белгиледи. Анкара жаңжалдын бардык тараптарын чыңалууну басаңдатууга чакырат, деп билдирди министрлик.

Түркиянын аймагына ракеталык сокку урулгандан кийин, Түркиянын президенттик администрациясы Ирандын айланасындагы эскалациянын шартында республикага каршы ар кандай чабуулга каршы турууга жана НАТО менен зарыл консультацияларды өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Ошол эле учурда Иран ракета боюнча расмий комментарий бере элек. Азырынча ракета кайдан учурулгандыгы белгисиз.

Окуядан кийин Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан ирандык кесиптеши Аббас Арагчи менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чыр-чатактын күчөшү кабыл алынгыс экенин билдиргенин Түркиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булак РИА Новости агенттиги билдирди.

Фидан чыр-чатактын кеңейишине алып келиши мүмкүн болгон ар кандай аракеттерден качуу зарылдыгын баса белгилеген.