Газа тилкесиндеги геноцид жана гуманитардык катастрофа тез арада токтотулушу керек.
Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Москвада орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен биргелешкен маалымат жыйынында билдиргенин Anadolu агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, Түркия менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин башчылары Газа тилкесиндеги жана Палестинадагы кырдаалды талкуулашкан.
“Мынчалык көп кан, көз жаш жана оору кесепеттерсиз калбайт. Бул дароо токтошу керек”, – деди Хакан Фидан.
Министр Анкара бул маселе боюнча Москва менен кызматташууну улантуу ниети бардыгын билдирип, Сириядагы кырдаалга да токтолду. Анын айтымына караганда, эки өлкө Сириянын биримдигин жана жеринин бүтүндүгүн коргоого багытталган аракеттерин улантат.
“Ошол эле учурда биз Сирия элинин бакубаттуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн аракетибизди улантабыз”, – деди ал.
Фидан Сирияда саясий жана экономикалык ырааттуулук менен коопсуздуктун камсыздалышы жагынан акыркы 5 айда маанилүү өнүгүүлөрдүн болгонун, Сирия өкмөтү өлкө калкынын жана эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ боло алгандыгына токтолду. Ошондой эле Дамаск бийлиги акырындык менен терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалын кеңейтип жатандыгын кошумчалады.
Министр Башар Асаддын режимин кулатуу учурунда Сирияга каршы киргизилген санкцияларды алып салуу боюнча АКШ менен Евробиримдиктин чечиминин өзгөчө маанилүүлүгүнө көңүл буруп, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жетекчилиги астында бул чектөөлөрдү алып салуу боюнча дипломатиялык аракеттердин активдүү жүргүзүлүп жаткандагын айтып өттү.