Түркия ШКУга туруктуу мүчө болуу ниетинде

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө болуп киришин жокко чыгарган жок.

Бул тууралуу түрк лидери Астанадан кайтып келе жатып учакта журналисттерге билдирген.

Эрдоган 3-4-июлда Астанада өткөн “ШКУ плюс” жыйынына катышып, Россия, Кытай жана Беларусь лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

«Шанхай кызматташтык уюмунун түзүмүн карасак, Россиянын түрк мамлекеттери менен мамилеси бар экени айкын болот. Шанхай Кызматташтык Уюмунда негизинен түрк мамлекеттери бар. Бул жерде бул түрк мамлекеттеринин күчү ого бетер күчөйт”, – деген Эрдоган.

Анын айтымында, Анкара Шанхай Кызматташтык Уюмунда Россия жана Кытай менен мамилени мындан ары да өнүктүрүүнү каалайт.

«Бизди бул жерге диалог боюнча өнөктөш катары эмес, башкалар сыяктуу уюмда өнөктөш катары кошушун каалайбыз. Иран акыры Шанхай кызматташтык уюмуна кошулду. Андан тышкары, ага Пакистан да кирет. Учурда уюмдун 9 туруктуу мүчөсү бар. Түркия бул өлкөлөрдүн катарында боло албайт деп айтууга болбойт, бирок бул үчүн бир аз убакыт талап кылынышы мүмкүн», – деди түрк лидери.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны 3-4-июлда Астана шаарында болуп өттү.  Ошондой эле жыйындын алкагында “ШКУ плюс” форматындагы жолугушуу да болду.

Иш-чарага ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары, байкоочу өлкөлөр, ошондой эле эл аралык уюмдардан БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев жана башкалар катышты.

Иш-чарада Беларусь ШКУга толук кандуу мүчө болду.

ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери уюмдун мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту.

ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан кирет. Байкоочу өлкөлөр – Ооганстан жана Монголия, өнөктөш өлкөлөр – Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, БАЭ, Түркия жана Шри-Ланка. Беларусь уюмга 4-июль күнү Астанадагы саммитте расмий түрдө кошулду.

Комментарий жиберүү