Түштүк Африка Республикасында калың кар жаап, 50гө жакын адамдын өмүрүн алды

Түштүк Африка Республикасында (ТАР) чыгыш жээгинде болгон кар куюнунан улам кеминде 49 адам каза тапты. Бул тууралуу Africa News порталы жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып кабарлады.

«Түштүк Африканын Чыгыш Кейп провинциясында катуу суу ташкындары болуп, алардын себеби өлкөнүн айрым аймактарына катуу жаан-чачын жана кар алып келген өзгөчө суук аба ырайы болду. Натыйжада кеминде 49 адамдын өмүрү кыйылды», — деп жазат басылма.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында автобуста жүргөн алты окуучу да бар. Алар суу ташкынына туш болгон. Дагы төрт окуучу дайынсыз жоголгон. Чыгыш Кейп провинциясынын премьер-министри Оскар Мабуяне билдиргендей, каза тапкандардын саны дагы өсүшү мүмкүн.