Түштүк Кореяда заводдо өрт чыгып,  20дан ашык адам каза болду

Түштүк Кореяда заводдон өрт чыгып, 20дан ашык адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Хвасондогу литий аккумуляторлорун чыгарган заводдогу тилсиз жоодо көз жумгандардын саны 22ге жетти. Өрт дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30дар чамасында болгон.

Алардын көбү кытайлык жарандар. Каза болгондордун саны дагы да өсүшү мүмкүн, анткени дайынсыз жоголгон кызматкерлер да бар. Өрттөн 2 киши олуттуу, алты адам жеңил жаракат алган.

Сеул шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан заводдогу өрттү чектөөгө алышкан. Каза тапкандардын баары фабрикалык корпустун экинчи кабатынан табылган.

Комментарий жиберүү