Түштүк Кореяда кайрадан митинг. ТИМ кыргызстандыктарга кайрылды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы акыркы окуяларга байланыштуу бул өлкөнүн аймагында жүргөн кыргыстандыктарга сактык чараларын күчөтүүгө жана зарылдык болбосо жашаган жерлеринен чыкпоого чакырды.

“Коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана массалык иш-чараларга катышуудан толук баш тартууну өтүнөбүз”,- деп билдирилген кайрылууда.

Мындан тышкары, мекеме зарылдык жаралган учурда Кыргызстандын Кореядагы элчилиги менен тыгыз байланышта болуу үчүн ушул номерге +82 10 9798 0951 кайрылууну өтүндү.

5

Расмий маалымат боюнча, учурда Түштүк Кореяда он миңден ашык кыргызстандыктар бар, алардын ичинен миңден ашыгы студенттер.

Эске салсак, былтыркы жылдын декабрь айынын башында Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл парламентте оппозициялык партиялар менен пикир келишпестик жаралгандан кийин өлкөгө аскердик абал жарыялаган. Бирок тараптардын тирешүүсүнүн жыйынтыгында өзгөчө абал эртеси, 4-декабрда алынып салынган. Ага карабай Парламент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялашкан.

15-январда бийлик импичмент жарыяланган президент Юн Сок Юлду камакка алган.

Бирок ал өзүнүн камалышын мыйзамсыз деп эсептеп, кан төгүүнүн алдын алуу үчүн суракка барууга макул болгонун баса белгилеген.

19-январь күнү Түштүк Кореянын борбору Сеулдун аймактык соту кызматтан убактылуу четтетилген Кореянын президентин камоого расмий ордер берген. Анын соту учурунда тарапташтары митинг уюштурушкандыктан, өлкөдөгү коопсуздукту сактоо үчүн полиция кызматы тартылган.