Түштүк Кореянын президенттик аппараттынын жетекчилери кызматтан кетти

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун башкы жардамчылары аскердик абалдын киргизилгендигине байланыштуу кызматтан кеткенин өлкөнүн президенттик администрациясы билдиргенин Йонхап агенттиги жазды.

Бирок, аскердик абал болжол менен алты сааттан кийин токтотулган. Ага карабай аталган агенттиктин маалыматына караганда, арыз бергендердин арасында Башкы штабдын башчысы Чунг Жин Сок, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Шин Вон, саясий штабдын башчысы Сун Тэ Юн жана башка жети улук жардамчысы жумуштан кетти.

Мындан тышкары Түштүк Кореянын демократиялык профсоюздардын улуттук федерациясы президент Юн Сок Ёл отставкага кетмейинче жалпы иш таштоо жарыялаганы боюнча маалыматтар тарады. Анткени Түштүк Кореянын Демократиялык партиясы да Юн Сок Ёлду кызматтан кетүүгө чакырган. Бул оппозициялык партия парламентте көпчүлүктү түзөт.

Бирок, Түштүк Кореянын парламенттинин жалпы жыйынында президентке импичмент жарыялоону бекитүү үчүн жалпы депутаттардын жарымынан көбүнүн катышуусу жана катышкандардын үчтөн экисинин макулдугу талап кылынат. Ошондой эле кеминде 200 добуш керек. Эгер пленардык жыйында импичмент кабыл алынса, президенттин ыйгарым укуктары дароо токтотулат.