Т. Акун: “АКШ менен Батыштын максаты – Украина аркылуу Россияны алсыратуу”

Россия тарабынан Украинада атайын аскердик операция башталгандыгына үч жыл болду. Дини, тили бир, бир тууган эки славян эли эмнеге бири-бирине душман болуп, согушуп калды? Эгер бул тирешүү тотобосо, анын кесепети кандай болот? Биз ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору, Кыргызстан Укук Коргоо Кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун менен маектештик.

– Турсунбек мырза, Россия Украинага каршы атайын аскердик операция баштагандыгына үчүнчү жылга аяк басты. Эки славян, дини, тили бирдей элдин согушуп калышынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Сиздин сурооңузга кененирээк жооп бериш үчүн айрым документтерди, илимий терминдерди, картаны алып келип, далилдүү фактылардын негизинде жооп берейин деп чечтим. Ал геосаясый абалга жараша согуш кайсыл жерде болуп жатат? Россия менен Украинанын ортосундагы тирешүү Евразия континентинде жүрүүдө. Бул дүйнөдөгү кургактыктын 4/1 бөлүгүн же 37%ын ээлеп турат. Ал илимий тыянак болуп саналат. Башкача айтканда, Европа континентинен 44, Азия континентинен 48 мамлекет кирет. Мальтаны кошкондо 93 мамлекет кирген Евразия аймагында Россия менен Украинанын ортосунда согуш жүрүп жатат.

Мына ушул согуш өз учурунда Збигнев Бзежинскийдин “Улуу шахмат доскасы” (“Великая шахматная доска”) деген китебинде жазылган. Бизде да келечекте эмне болорун алдын ала айткан Калыгул олуя болгон. Америкада Жорж Вашингтон, Франклин Рузвельт, Англияда Уинстон Черчилль, СССРдин учурунда Ленин, Сталин, Кытайда Конфуций бар. З. Бзежинский алардын атасы. Булар азыр ошол Бзежинский кандай айтса, ошондой жүрүп жатат. Ал мындай деген экен: “Евразия мейкиндигиндеги күрөш – бул күрөштөн чыккан чыр-чатак. СССР тарагандан кийин Америка дүйнөнү башкаруу үчүн өзүнүн күрөшүн жарыялады. Россияны Украина аркылуу европалаштырып, демократиялаштырып, андан ары таасир берүү керек”,- деген сөзүн айтып жатат.

Ал ошол эле учурда Украинанын Россияга кайтырылышын Батыш үчүн чоң коркунуч деп эсептейт. Украинаны европалаштыруу аркылуу Россияга таасир берүү. Башкача айтканда, Украина эч качан Россияга кайтпаш керектигин белгилейт. Ошол эле учурда Украинанын Россияга кайтарылышын Батыш үчүн өтө чоң коркунуч болот деп эсептейт. Бул З. Бзежинскийдин сөзү. Украина Евразия чөлкөмүндөгү жаңы пайда болгон өтө чоң мейкиндик дейт. Мына ушул жаңы пайда болгон, 52 млн. калкы бар, өтө чоң ресурска ээ мамлекетке Россия ээлик кылып, Украина аркылуу Кара деңизге чыкса, анда Европа жана Азиядагы кубаттуу мүмкүнчүлүгү бар империяга айланат дейт.

Бул З. Бзежинскийдин 1997-жылы жазылган “Дүйнөлүк шахмат доскасы” аттуу китебинде айтылган. Ошон үчүн ал Америкага, Европага көрсөтмө берип жатат, “биринчи жолу Украинаны колго алгыла”,- деп. Украина аркылуу гана Россияны бөлсө, талкаласа, баш ийдирсе, европалаштырса, демократиялаштырса болот. Өзүңүз туура суроо бергендей, эки славян элин бири-бирине карама-каршы коюп, каршылаштырып, Россияны алсыздандырса болот деп айтып кеткен. Ушуну мен тарых катары айтып коёюн дедим. Булардын согушунун келип чыгышынын себеби ушундан башталат.

Андан кийинки себеби, 1999-жылдан баштап, 2004-жылга чейин, беш жыл боюу Россия Федерациясы дүйнөлүк жыйындарда, Чоң жетинин, Чоң жыйырмалыктын жыйындарында президент Путин дайыма айтып жүрөт: “НАТОну кеңейткенге барбагыла, эч качан Украинаны, Молдованы, Грузияны НАТОго кошобуз дебегиле. Эгер НАТОну Чыгышты карай кеңейте турган болсоңор, анда биз жөн калбайбыз, бул деген биздин, Россиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат. Бул эч качан жакшылыкка алпарбайт, токтоткула”,- деп 1999-жылдан баштап, 2004-жылга чейин эскертип келди.

2008-жылы Америка “Украинаны кошпойбуз, Евросоюзга, НАТОго кирбейт, урматтуу Владимир Владимирович”,- деп сөз берген, бирок ал сөзүнө да турган жок. Андан кийин 2014-жылы Украинада “Майдан” болду. Аны толугу менен АКШ, Европа каржылады. Өкмөттүк эмес уюмдарга аябай чагымчылдык иштерин жасатты. Мыйзамдуу шайланган президенти Виктор Януковичти кызматтан кетирди, кол койгонуна карабастан, бир кол койгондон кийин экинчи күнү кууп чыкты. Андан соң толугу менен өздөрүнүн көз карашын чагылдырган, “марионет” президенти Петр Порошенкону алып келди. Ошондон кийин Россия менен Украинанын ортосундагы карама-каршылык аябай күчөдү. Луганск жана Донецк областтары Украинадан бөлүнүп чыкты. 2014-жылдан баштап, 2022-жылга чейин – сегиз жыл боюу Донецк менен Луганскини кайра өзүнө кайтарып алуунун ордуна аларды аткылап, 2017-жылдан тартып Америка буларга курал –  дрон, ракеталарды бере баштады. Ошол 2017-жылы Англиянын кемелери Кара деңизге кирип келишти. Андан тышкары Американын ракеталары 13 километр Россиянын аймагына жакын аралыктан учту. Ушунун баары Россияны согуштук чечим кабыл алууга түрттү. Ошол эч кимди уккан жок, Януковичти кууп жиберишти. Андан ары жамааттык Батыш Украинаны колдонуп Россияны алсыратуу, багындыруу аракетин жасап жатат.

СССР кулаганга чейин дүйнөдө эки полярдуу башкаруу болчу – Америка жана СССР. 1991-жылы СССР кулап, эки полярдуу дүйнө кулап, бир полярдуу дүйнө – Америка жана Европа калды. Сирияга кол салганга чейин Иракты, Египетти, Ливияны ж.б. талкалады. АКШ менен Европа биригип алып Югославияны жок кылды. Анан Сирияга келгенде бул өлкөнүн президенти Башар Асад Путинге жардам сурап кайрылды. Эгер Путин карап турса, Америка менен Европа биригип алып, бүт баарын басып алмак. Анан Путин Башар Асаддын өтүнүчү боюнча Сирияга армиясын киргизип, аны сактап калды. Бирок башка мамлекеттерди кулатты. Ошол эле Египетте, Иракта төңкөрүш жасап, Саддам Хусейнди дарга асып, өз өлкөсүн 42 жыл башкарып, алтын доорго айланткан Муаммар Каддафини тирүүлөй дүйнө жүзүнө маскаралап өлтүрдү. Аз эле болгондо Сирияны да ушундай кылмак. Бирок Сирияга барганда Россия жардам берип, Батышты, Американы алсыратты.

Ушундан тартып дүйнөдө бир полярдуу башкаруу токтоп, көп полярдуу башкаруу башталды же дүйнөнү Америка эмес, Россия да кийлигишип, башкарып калды. Мына ушундан кийин Американын шагы сынып, Россия болсо өзүнүн күчүнө ишенип, дүйнөлүк славян элдер колдой баштады. Ошондон баштап АКШнын эң чоң душманы Россия болуп калды. Андыктан кандай болсо да Россияны талкалаш керек эле. Демек, Россия жок болмоюнча дүйнөнү башкара албастыгына көзү жетти. Ошон үчүн согуш токтобой жатат. Булар Американын, Европанын тамагына чыккан коко тикен болду. Ошол тикенди кандай болсо да алып салыш керек болууда.

– Орус-украин тирешүүсүнөн ким утуп, ким утулуп жатат?

– Бул татаал суроолордун бири, ар ким эле жооп бере албайт. Бирок бардык согуштарда, дүйнөнүн баардык жеринде, азыр жыйырмадай мамлекетте согуш болуп жатат, ушул согуштар эч качан жакшылык алып келген эмес. Эки тарап тең жабыр тартат. Ушул эле Россия менен Украинанын эки тарабы тең жабыр тартууда. Луганск, Запророжье, Харьков, Крымга чабуулдар жасалып, адамдардын өмүрү кыйылууда. Согушта жеңген тарап да жоготууга учурайт.

Бирок Россия тарабынан Украинада жүрүп жаткан атайын аскердик операциясына Путинди күнөөлөгөнгө болбойт. Буга эң биринчи Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский күнөөлүү. Ал славян тектүү элдин башчысы болгондон кийин Путиндин алдына барып сүйлөшүш керек болчу. Жашы да улуу, такшалган саясатчы, өзү болсо саясаттан түшүнүгү жок, артист, Американын арты менен келип калды. Ошондой болгондон кийин кичүү болгондуктан, кекирейбей эли үчүн барып, сүйлөшүп коюш керек болчу.

Экинчи күнөө жамааттык Батышта. Жогоруда айткандай, Путиндин 1999-жылдан 2004-жылга чейинки эскертүүсүн такыр укпай койду. Путин алдын ала эскерткен, биз эч качан өзүбүздүн коопсуздугубузду коргобой койбойбуз, согуш болот деген. Бирок булар ойлогон, жамааттык Батыш биригип, санкция киргизип, Россияны дүйнөдөн бөлүп, жок кылабыз деп. Алардын тилегине каршы Россия күчтүү экен, эбегейсиз ресурсу бар экен. Президенти Владимир Владимирович 20,30, 100 кадам алдын ала ойлонгон саясатчы десек болот. Ушунун баары кандай болорун алдын ала ойлонгон шахматчы экен.

Ал эми санкция киргизгенде экономикасын Кытайга, Азияга, Чыгыш өлкөлөрүнө буруп кетти. Өздөрүнүн санкциясы өздөрүнүн башына тийди. Түндүк агым газ түтүгүн Америка жардырды эле, андан Россия эмес, өздөрү, Германия жабыркады. Санкция болгон сайын Европага кыйын болуп, Россия кайра газы менен мунайын кымбат сатып, пайда көрүп жатат. Мурда Россиянын экономикасы дүйнөнүн онунчу өлкөсү болсо, азыр төртүнчү орунга чыкты. Согуш болгондо экономика начарлаш керек эле да, бирок Россиянын экономикасы кайра күчөп кетти. Анткени ресурстарын башка өлкөлөргө буруп, мурдагыдан эки эсе кымбат сатып жатат.

Макгрегор деген америкалык профессор айтып жатат: “Украина Америкадан байланышты үзүп, нейтралдуу болуш керек. Андан кийин Россия менен сүйлөшүүгө барышы зарыл. Америка берген акчадан да, куралдан да баш тартып, Россия менен сүйлөшүүгө барып, калган аймагын сактап калыш керек. Азыр Крым менен беш облусу өтүп кетти. Мындан ары да согуш улана берсе, калган аймагын да алдырып коюп, Украина чачырайт. Россия азыр Украинаны анаконда жыланындай акырындап жутуп жатат”,- дейт.

Дагы бир Формайшер деген америкалык саясатчы “Эч качан Украина ута албайт”,- дейт. Азыр Украинанын 52 млн. калкынан 40 млн. эле калды. Ал эми Россия 170 млн. Украинанын согуша турган жоокерлери да калбады, жаштары баары качып жатат. Айласы кеткенде жаш балдарды армияга чакыра баштады. Алары тиги АКШ менен Батыш берген жаңы куралдарды колдонгонду билишпейт. Англис тилин билишпейт, булар үйрөнгөнчө Россия баарын талкалап салат. Ал эми Россиянын куралы да, жоокерлери да беш эсе көп экендигин айтат.

Скот Риттер деген америкалык дагы бир журналист Россия Украинаны толугу менен жеңерин айтат. Жанагы 61 млрд доллар, ATAKMS ракеталары эч жардам бере албайт. Анын үстүнө украиналыктардын духу түшүп калды. Россиянын армиясы биримдиктүү, күчтүү армия, бирок НАТО болсо ар кайсы өлкөлөрдөн куралган ынтымагы жок армия экендигин айтат. Мисалы, Франциянын армиясы жок, Англиянын армиясы  алсыз. Акчаны болсо Америка берип, азыр эч нерсе жок. Анын үстүнө НАТО согушканды билбиейт, бомба ыргытканды гана билет.

Россия  эки жылдан бери согушуп, көнүп калды. Курал-жарак чыгарган заводдору күнү-түнү тынбай учкучсуз учуучу аппараттарды, ракеталарды чыгарып, иштеп жатат. Чындап эле Россия согушпай эле, атайын аскердик операция жүргүзүп, анаконда жыланы сыяктуу соруп жатат. Болгону улутчулдар, согушкерлер жайгашкан жерлерди аткылоодо. Бирок согуш деген согуш экен, аткан жериңе эле так тийбей, үйлөргө, көчөгө түшүп калат экен. Жарандык объектилерди аткандыгынын себеби, ал жерде улутчулдар жашынган. Атайлап тынч эл жашаган үйлөрдү атты дегенден алысмын. Тигилер болсо атайлап элди атып атышат. Израилдин армиясы деле ошентип шылтоолоп жатпайбы, бул жерде деле ошондой. Мен ойлоймун, бул жерде Россиянын армиясы утуп жатат.

Дагы бир чоң себеп, быйыл ноябрь айында Америкада президенттик шайлоо болот. Ага Байден менен Трамп ат салышууда. Орус-украин тирешүүсүнүн тагдыры ушул шайлоонун жыйынтыгына жараша болот. Трамп мен президент болсом, бир күндө токтотом деп жатат. Азыр Европа Биримдиги, АКШ бул согушту баштап алып, Россиянын кылтагына илинип калды. Ошондуктан АКШ менен жамааттык Батыш эмне болсо да Украинадагы согушту утуш керек болууда. Бирок Украина ута албайт. Башкаларды айтпаганда да, жогорудагы америкалык саясатчылар өздөрү бул жөнүндө айтып жатышат. Алар баары аскердик адистер, эч нерсени түшүнбөгөн Макрон, Шольс же Урсула фон Дярлейн эмес.

Россия мурда күндө бир чакырым алга жылса, азыр  6-7 чакырым алга жылып, он чакты айылдарды басып алууда. Америкадан келаткан 61 млрд. доллар техниканы жолдон талкалап жатат. Азыр Украина 25 жаштан төмөн жаштарды армияга чакырып, качкандар терезеден секире башташты. Зеленский Залужныйды башкы командачылыктан кетирип, анын ордуна Сырскийди койду. Ал болсо бир командир менен чабышып, Залужный Сырскийдин үстүнөн арызданды. Залужныйды Лондонго элчи кылат деди эле, азыр камады деп атышат. Айтор, азыр Украинанын армиясы ич ара чабышууга өттү.

Жакында Блинкен Украинага бекер келген жок. Азыр Зеленскийди жок кылып эле, ордуна дагы бир куурчак президентти коюш калды. Путинди болсо эли кайрадан 78% менен шайлап алды. Эгер дүйнөдө күчтүү деген үч мамлекет – Кытай, АКШ, Россия болсо, Кытай менен Россия бирикти. Путин кайрадан шайлангандан кийин алгачкы сапарын Кытайга жасап, аны өтө жогорку деңгээлде тосуп алды. Аларга Иран Ислам Республикасы, Түндүк Корея, славян өлкөлөрү, Нигер кошулду. Россия Нигерияга армиясын жайгаштырып койду. Нигериянын жаңы шайланган президенти Американын армиясы чыгып кетсин, Россия менен иштешебиз деди. Азыр дүйнөдө көп полярдуу мамлекет болуп калды. БРИКСтеги алты мамлекетке дагы он мамлекет кошулду. Дагы сегиз мамлекет киргени жатат. Бул уюмдун кезектеги жыйыны Казань шаарында өтүп, төрагасы Россия болот. Азыр дүйнөнүн экономикасынын 3/2 бөлүгүн БРИКС түзүп калды.

Американын 61 млрд доллары эч нерсеге жетпейт. Өздөрүн өздөрү камсыз кылыш керек да. Россия да жеңерине ишенип, аскердик операциясын токтотпой жатат. Мен бири же Россия жеңсин дегенден алысмын, согуш болгондун өзү жаман. Бирок реалдуу жагдай ушундай. Украина тараптан да карапайым адамдардын балдары өлүп жатат. Артист, эч кандай саясый тажрыйбасы жок, мамлекеттик кызматта иштебеген, болгону клоун жана бир киного тартылган артисти шайлап алышып, ал канча миңдеген адамдардын убалына калып жатат. Мамлекет үчүн күйбөйт, сырткы күчтөрдүн кызыкчылыгына иштейт. Өзүнүн бир тууган орус, беларусь элдери менен мамиле түзө албайт. Ар кимден курал сурап, тилемчи болуп отурат.

– Эмне үчүн Кытай, Түркия жана башка мамлекеттердин эки тарапты элдештирүү аракетинен майнап чыкпай жатат?

– Өзүңөр көрдүңөр, америкалык журналист Такер Карлсонго маек бергенде Путин ачык айтты, Түркия ортого түшүп, өз ара кол коюуга аз калган учурда Улуу Британиянын ошол кездеги премьер-министри Борис Жонсон келип, ал да жөн келбейт да, тияктан Жо Байдендин тапшырмасы менен келди да, “Эч кандай кол койбойсуң, биз сага акча, курал-жарак берип жатабыз”,- деп, бир-эки күндө кол коюла турган тынчтык келишимин токтотуп салды. Өзүнүн мамлекетин башкарган президент мындайга барбайт да. Ал кандай болгондо да элин өлүмдөн сактап калыш үчүн тынчтыкты алып келиш керек болчу. Демек, ал өз алдынча президент эместигин, бирөөлөрдүн куурчагы экендигин көрсөтүп койду. Ошондой эле “мындан ары Россия менен сүйлөшүүгө барбайбыз”,- деп указ чыгарып койду.

Путин болсо жакында инаугурациядагы жана Кытайга баргандагы маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтпадыбы, “Биз баары менен, Америка, Батыш, Украина менен сүйлөшүүгө даярбыз, алар сүйлөшкүсү келбесе эмне кылабыз, өз ишибизди жасай беребиз”.- деп. Анан сүйлөшүүгө жеңген тарап барыш керекпи же жеңилген тараппы? Бул жерде Россия жеңип жатпайбы. Ошон үчүн  баягы эле жамааттык Батыш, Америка жол бербей жатат.

– АКШ жана жамааттык Батыш өлкөлөрү Украинаны миллиарддаган долларлык курал-жарактар, алыскы аралыкка атуучу ATAKMS ракетасы баш болгон заманбап куралдар менен жабдууда. Алардын бул “жардамынын” максаты эмнеде?

– Жогоруда бул суроого жарым-жартылай жооп берип кеттим. АКШ Конгрессинен бөлүнгөн 100 млрд.га чукул доллардын, 61 млрд доллары Украинага, анын 20 миллиарды Израилге, 10 млрд.ы Тайванга берүү боюнча чечим кабыл алынды. Ошон үчүн бул жардам эч кандай жардам болбойт. Бул адамдарды өлүмгө алып келген жардам. Россиянын өзүнүн ресурсу мындан он эсе көп, анын биримдиги бар. Эгерде жоокер берсе, анда башка маселе. Ошондо да Россияга күчү жетерине ишениш кыйын. Жөн эле материалдык жардам менен Россияны багындырабыз, талкалайбыз деген бул жомок. Себеби Россия өзүнүн эгемендиги, коопсуздугу үчүн күрөшүп жатат. Ал алдын ала эскертти. Украинага тийишпегиле, бул биздин бир тууган элибиз, Кара деңизге келбегиле, Украинаны эч качан Евробиримдикке, НАТОго киргизебиз деп айтпагыла деп эскертип келген. Бирок АКШ З. Бзежинскийдин сөзүн аткарабыз деп, туура эмес кадамга барды. Ал киши айтса айтып коюптур, көзү өтүп кетти, ал кез башка заман эле. Бул ишке ашпай турган идея.

Россия дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекеттердин бири. Ошон үчүн мен ойлоймун, эч кандай курал-жарак жардам бере албайт жана келечеги жок. Мындай кадам украиндердин кырылышына гана жол берет. Франциянын президенти Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Сунак да айтып атпайбы, “акыркы украин калганча күрөшөбүз”,- деп. Демек, аларга украин элинин эч кандай кереги жок. Максаты – эптеп Россияны алсыратып, талкалаш керек. Украинага Америка, Европа күйгөн жок. Кайра эле Россия күйгөндүктөн, баарын талкалаган жок. Болгону улутчулдар жайгашкан объектилерди гана аткылап, айрым учурда аткан огу эл жашаган аймакка да түшүп кетүүдө.

Россия Украинадагы жетим калган балдарды алып келип жатса, Путин менен Акыйкатчысына эл аралык сот камакка алынсын деп ордер берип жатат. Славян тектүү балдар өлүп калбасын деп жатат. Алдын кайтарып да берүүдө. Мына Лукашенко кандай күйүп атат. Мен анын ички саясатын “толук колдойм” деп айта албайм. Бирок өз элине күйөт экен, бир беларус тентиген жок. 24 жыл башкарса да азамат экен. Анткени мамлекет, эл үчүн күйөт. Путин менен жеке өзүн жакшы көргөндүгү үчүн гана жакшы мамиледе болуп жаткан жок, элинин келечегин ойлонууда. Ал эми Зеленский элин кырып салды.

-Июнь айында Швейцарияда АКШ жана Батыш өлкөлөрү Россиянын катышуусусуз конференция өткөрүүнү белгилөөдө. Бул жыйындын Россиясыз өткөрүлүшү туурабы жана андан кандай жыйынтыкты күтсө болот?

– Эми бул баланын оюну. Кытайдын төрагасы Си Цзинь Пин жакында Францияга, андан ары Сербияга, Венгрияга барды. Ошол иш сапарында Макрон: “Сиз Швейцарияда өтө турган конференцияга келесизби?”,- деп сурады. Ал “Эгер Россиянын президенти Путинди да чакырсаңыздар, мен барам. Россиянын өкүлдөрү чакырылбаса, ал конференцияны өткөрүүнүн эч зарылчылыгы жок”,- деп кыска жооп берди. Мына, чыныгы лидердин жообу. Эки тарап согушуп жатса, бир тарабын чакырып, экинчи тарабын чакырбай коюу, эмне дегендик?. Бул популизм. Азыр жамааттык Батыш, АКШ эмне кылып жатат? Ар кай жактарда ар кандай иш чаралар менен чектелүүдө. Буга чейин Түркияда, Европада, Сауд Арабиясында жыйналыштарды өткөрүп, ар ким чыгып, Россияны жамандап жатат. Алар ушундай ар кандай жыйындарды өткөрүп, массалык маалымат каражаттары аркылуу Путинди диктатор деп жамандап, элине Украинага жардам берип, “Россияны жеңгени жатабыз” – деп, айтор жылаңач үгүт жүргүзүүдө.

Анткени Россиядан утулуп жаткандыгын билип, көрүп турса да актаныш керек. Россия катышпаса, мындай жыйындын эмне кереги бар? Өткөндө Жидда шаарында өткөн жыйынга да Кытай катышпай койду. Путинди айтпаганда, азыркы дүйнөдөгү эң кыйын саясатчы Си Цзиньпин болуп саналат. Көпчүлүк мамлекеттер АКШ менен Батыштын Украина боюнча саясатын колдоп жатат. Кытайдын лидери болсо эч жагына тартпай, туруктуу болуп, Европа, Америка, Россия менен да мамиле түзүп жатат. Эч качан согуш болбосун деген позицияны карманууда. Бирок Улуу Британиянын тышкы иштер министри Кемэрон айтпадыбы, “Биз берген курал менен Россиянын аймагына да атсаңар болот”,- деп. Бул түздөн-түз Россиянын ички ишине кийлигишкендик. Андан ядролук согуш чыгып кетиши мүмкүн. Демек, алар кырдаалды чагымчылдыкка айландырууда. НАТО түздөн-түз кийлигише баштады. Ушундан улам Россия стратегиялык эмес ядролук машыгууну баштап жиберди.

Ошон үчүн июнь айында конференция өткөрөбүз дегени Батыштын эле агитация, пропогандасы. Мына бүгүн америкалык Макгрегор деген саясатчы айтты: “Эч качан НАТО Украинага чындап жардам бере турган болсо, мактанып, эл алдында айтпайт. Демек, булардын  жардам бере турган оюу жок”,- деп.

-Орус-украин чатагын чечүүнүн кандай жолу бар жана ал тирешүү улана берсе, анын кесепети бул эки өлкөгө гана эмес, дүйнө жүзүнө кандай болушу мүмкүн?

– Мен өткөндө да сиздердин агенттик аркылуу президенттер Путин менен Зеленскийге кайрылуу жасап, аягында ушул суроого жооп бердим эле. Азыр бир эле жол бар, дүйнөнүн баардык мамлекеттери, БУУ кийлигишиши керек. Бирок БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн Кытайдан башкалары Россияга каршы болуп, согушту жана Америка менен жамааттык Батышты колдоп жатышат. Ушундай оор учурда БУУ Америка менен жамааттык Батыштын туура эмес кылып жаткандыгын айтып чыгыш керек эле. Тилекке каршы ошону айта албай жатат. Себеби алар чоң взнос төлөйт, ал акчанын 70%ын АКШ төлөйт. Ошон үчүн БУУ азыр көз каранды уюмга айланды.

Андыктан Украина маселесин улам-улам Россияны жамандоого айландырып алды. Ал эми Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензянын Батышты каттуу сындагандыгы бирде угулуп, бирде угулбай калууда. Азыр БУУнун Коопсуздук Кеңеши Америка менен Европанын куралына айланды. Албетте, айрым маселелерди Кытай менен Россия вето коюп, өткөрбөй  жатат. Демек, Чоң жети, Чоң жыйырмага кирген мамлекеттер, дүйнө лидерлери Россия менен Украинанын президенттерин чакырып, диалог өткөрүш керек. Эгер дүйнөнү сактап калабыз десек, ушундай кадамга баруу зарыл. Азыр бир эле Украинада эмес, Газа секторунда да Израиль тарабынан канчалаган адамдардын өмүрү кыйылып, үйлөр, шаарлар талкаланып, экология бузула баштады. Ооруу күчөп, көп адамдар майып болуп, качкын болуп калды.

Эгер бул тирешүүлөр токтобосо, анын акыры үчүнчү дүйнөлүк согушка айланып кетиши мүмкүн. Бүт дүйнө лидерлеринин катышуусунда бир гана орус-украин маселесин чечүү үчүн башка амбицияны токтотуп, диалог, консолидация жолу менен гана чечилиш керек. Эгер андай жолго түшпөсө, дүйнө Хиросима, Нагасакидей болот.

Россия жөн калбайт, эч качан жеңилбейт. Кокус Россия жеңилип баратса, ядролук согушту баштайт. Тарыхта Россияны эч ким жеңген эмес. АКШ Югославияны талкалады, Ирак, Ливия, Египетти талкалады. Афганистанды 20-30 жыл басып алып, акыры куулуп чыкты. Кыскасы, Америка жазаланбай турган болуп калган. Бир гана Сирияга барганда Россия Башар Асадга жардам бергендиктен жини келип , Россияны жок кылууга киришти. Орус-Украин тирешүүсүнүн негизги себеби ушул.

Маектешкен Эмилбек Момунов.

Комментарий жиберүү