Американын президенти Дональд Трамптын Израиль армиясы бир жылдан ашык бомбалап, урандыга айланткан Газа секторунун жайшоочуларын башка өлкөлөргө көчүрүү идеясы дүйнө коомчулугун, айрыкча кошуна мусулман мамлекеттеринин тынчсыздануусун пайда кылууда.
Трамптын бул планынын артында кандай максат бар жана ал чындап эле газалыктарды күчкө салып көчүрсө, анда кесепети кандай болот? “Евразия Тудей” маалымат агенттиги бул жана башка суроолордун тегерегинде КРнын мамлекеттик кызматынын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, КРнын Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси, Жогорку Кеңештин I, II жана V чакырылыштарынын депутаты, КРнын туңгуч Акыйкатчысы (Омбудсмен), И. Арабаев атындагы КМУнун профессорунун м.а., философия илимдеринин кандидаты Турсунбай Бакир уулу менен маектешти.
– Турсунбай мырза, Сиз жакында, бир ай мурда Стамбулда өткөн Палестина боюнча эл аралык жыйынга катышып келдиңиз. Алгач ушул иш чара тууралуу айтып берсеңиз.
– Менин таң калганым, Палестина арналган жыйынды дайыма тигил же бул ислам өлкөлөрүнүн парламенти уюштурчу эле. Ал эми бул ирет биринчи ирет журналисттердин “Тавасол” деген эл аралык уюму бар экен, ошолор уюштурду. Алар журналисттерден кимди чакырсак болот деп сураштырып, Борбордук Азиядан жалгыз мени чакырыптыр. Мен тууралуу уюштуруучуларга КМШ аймагында жашаган палестиналыктар айткан экен.
Ошентип 17-январда Стамбулга учуп бардык. Каттоодон өтүп жатканда эле ал жерде каттап отурган жаш жигиттер отурушкан экен, мени көрүп эле, паспортумду бергенче “Сиз Турсунбайсызбы?”,- деп сурап калышты. “Ооба, Турсунбаймын”,- десем, “Рахмат”,- дешип, жакшы кааллорун айтып кетишти. Мен бул ирет партиябыздагы орун басарымды да кошо алып алган элем, жаш жигит, баарибир ушуларга ордумду өткөрүп берем да деп ээрчитип алган элем, ал да “Устаз, Сизди баары тааныйт экен”,- деп таң калды. Ага Кыргызстанда, Борбордук Азияда 2009-жылдан бери Палестина маселесин көтөргөн биринчи саясатчы болом дедим. Ошондо 15 жылдан бери Палестина маселесин көтөрүп жүрөт экенмин.
Эми “Тавасол” уюму жакшы кабыл алышты, баардык уюштуруучулар менен жолуктум. Баардыгы белгилүү араб журналисттери экен. Андан тышкары Европадан, Австралиядан, Жаңы Зеландиядан, Америкадан, Түркиядан Палестина темасын жазган журналисттер келишиптир.
Бул конференциянын дагы бир өзгөчөлүгү, мурда Малайзия, Иран, Түркия болобу, катышкан саясатчылар сүйлөчү элек. Бул жолу бизге сөз бербеди. Башында эле баардыгы бизге ыраазычылыгын айтышты. Анткени Палестина маселесин жазган 200гө жакын журналисттер шейит кетишиптир. Алар бир эле палестиналыктар эмес, башка улуттагы да журналисттер. Ошол маалыматты силер да таратканга жардам берип жаттыңар дешти. Ушул маалыматты силер дүйнө жүзүнө таркатпаганыңарда эч ким Палестина жөнүндө билбейт эле, жөөттөр, Израил билгенин кылат эле дешти. Мына, көп журналисттер шейит кетти, биз маалыматты алып, аны дүйнө жүзүнө таратып жаттык.
Ошон үчүн дүйнө жүзү, саясатчылар чындыкты билишти деп баарыбызга ыраазычылыгын айтышты. Дагы бир өзгөчөлүгү, теманы берип, артынан ошол журналисттин тарткан видеокадрлары көрсөтүлдү. Анда бомба түшүп, эл кырылып, израилдик аскерлердин зомбулугу көрсөтүлгөн кадрларды эгер журналист өзү тирүү болсо, комментарий берип жатты. Танаписке чыкканда шейит кеткен журналисттердин тасмаларын узун дубалга илип коюптур, ошону көрдүк. Акырында каза болгон журналисттердин акыркы тасмаларын илип коюптур, ошол өтө таасирдүү болду.
– Азыркы учурда дүйнө коомчулугу, айрыкча мусулман өлкөлөрү, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган баш болуп АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа секторунун жашоочуларын Египетке, Араб жана башка мусулман өлкөлөрүнө көчүрүү тууралуу сөзүнө нааразы болууда. Трамп менен Нетаньяхунун мындай планынын артында эмне болушу мүмкүн жана деги эле ишке ашабы? Газалыктар ага макул болобу?
– Америкада президенттик шайлоо болуп жатканда Байден кетип атат, Трамп келип атат деп баары кол чабышты. Мен ошондо айтканмын, Америкада саясый система башка, сүйүнбөгүлө деп. Дал ушул Трамп биринчи жолу шайланганда Иерусалим – Аль-Кудстун эл аралык статусуна карабай, бул Израилдин борбору деп элчилигин жылдырганда, анын кошоматчылары кошо жылдырган. Ошентип биринчи жолу Аль-Кудстун эл аралык статусун Трамп бузган. Мындан жакшылык күтпөгүлө, бул Нетаньяхунун, сионисттердин эң жакын досу ушул. Байден алжып калса да сүйлөбөдүбү, “Мен Нетаньяху менен жаш кезимде таанышкан элем, ошондо жөөттөр чакырганда, ошол жерде сүйлөгөм, мен америкалык болсом да сионисттерге жакынмын”,- деп аларга жакындап кеткен.
Трамп андай сүйлөбөсө да тымызын жөөттөргө жардам берип жүргөн. Мына Байден Израилге оор бомбаларды берген эмес эле, Трамп берип жатат. Кечээ түшүптүр, ал оор бомбалар кайда түшөт? Палестинага, Ливанга, Сирияга. Эгерде өткөндөгүдөй болсо, Иранга, башка өлкөлөргө да бул бомбаларды таштап салат.
Йорданиянын президенти кечээ ойгонуп сүйлөп жатпайбы, “Палестина элин көчүрүүгө каршыбыз”,- деп. Мүмкүн Йорданияга да чагымчылык кылат Израил. Ошондуктан бул жерде жаман нерсени күтсөк болот. Бирок мен баардык маселелерди согуш менен чечем, Палестина элин жок кылабыз деген саясатчыларга кайрылгым келет, Палестина эли бүгүнкү күнү эрдикти, каармандыкты эң жогорку даражада көрсөткөн каарман эл. Бир да эл мындай эрдикти көрсөтө албады, Кудайга шүгүр. Ошондуктан Палестинаны коркутканы, бул пайдасыз. Мына видеодон көрүп жатабыз, ошол эле кесиптештериңерге рахмат, кичинекей кыздар, балдарды тартып жатат, жөөттүн солдаты турса да “Сенден коркпоймун, көп болсо самолётуңа ишенесиң”, -деп кичине балдар, кыздар айтып жатат. Анан биз бул жактан кетпейбиз, биздин жерибиз, өлсөк да ушул жерде өлөбүз”,- деп кичине балдар айтып жатат, чоң адамдарды айтпай эле коёюн. Ошондуктан бул эл кетпейт, өлсө өлөт, бирок кетпейт. Бул биринчиден.
Экинчиден болсо, силер айтып кеткен Түркиянын президенти Эрдоган, мен айтып кеткен, акыры ойгонгон Йорданиянын королу, анан Араб лигасынын башчылары, Ирандын башчысы, бир эле мусулман эмес, христиан өлкөлөрүнүн башчылары да айтып жатпайбы, Ирландия, Испания жана башка өлкөлөрдүн башчылары да айтты, “Жок, палестиналыктарды көчүрүү мүмкүн эмес”,- деп. Анда адилеттүүлүк бузулат, палестиналыктар өз жеринде калат, тескерисинче биз 1947-жылдагы БУУнун №185-Башкы резолюциясын аткарып, эки мамлекет түзүшүбүз керек.
Трампты акыл-эси жок десең, ушунча эл шайлады. Же бийликке келип, көзүн май басып, колумдан баардык нерсе келет деп кутуруп кеттиби, Гренландияны алам дейт, Мексиканын айрым штаттарын талашып жатат, көз карандысыз Канаданы кошуп алам деп жатат. Эми Палестинаны айтып жатат. “Мен бул жакты оюн-зоок аянтына айлантам”,- дейт. Карап көрсөң, сөздүн да жоопкерчилиги бар да. Кыргызстанда ушундай мыйзам кабыл алынбадыбы, сөз эркиндиги деп баары кыйкырып жатканда мен айтканмын, бизге 2011-жылы Махаткир Мохаммад келип-кеткенде айткан эле, “Үч кемчилигиңер бар экен, анын бири, сөз эркиндиги бар экен, бирок сөз жоопкерчилиги жок экен”,– деп. Мына эми сөз жоопкерчилиги келе жатат. Трампта да сөз жоопкерчилиги жок экен. Мына эми палестиналыктарды көчүрөм десе, анда чоң согуш башталат.
Буга чейин Американын айтканын ляппай деп аткарып турган Сауд Аравия да “Эгер палестиналыктарды көчүрсөңөр, биз Израиль менен эч качан саясый мамиле түзбөйбүз”.- деди. Андан тышкары Америкага жакын өлкөлөр да Палестина маселесине келгенде “Жок, биз Американы колдобойбуз”,- деп айтууда. Американын базасы бар Түркияда да айтып жатат.
Ошондуктан бул болбогон нерсе, фантастика, ушунча миллион адамды көчүрөм деп кайсы акылы менен айтып жатат? Айланасы бүт сионисттер, Израилди, Нетаньяхуну жакшы көргөн саясатчылар экен. Ошондуктан алар Жакынкы Чыгышта Израиль бизге керек, колдошубуз керек деп атайын ушундай кылып жатышат. Баардыгынан мага Ирандын тышкы иштер министринин сөзү жакты, укмуш жакшы айтты, “Трамп, сен Гренландияны алат экенсиң, жөөттөрдү ошол жакка көчүрбөйсүңбү, согуш да болбойт эле”,– деди. Бул жакшы сунуш. Палестиналыктарга тийбей, алар төрт миң жылдан бери жашап келатат, филистин деген эл ушулар. 1947-жылы төрт мамлекет баарын алдап, анын ичинде биз туулуп-өскөн СССР бар, Улуу Британия, Франция, АКШ мусулмандар кой десе болбой, биз кепил болуп беребиз деп резолюцияны кабыл алып, убадасына турбады. Мына эми көчүрөм дегенге эң жакшы жооп, Ирандын тышкы иштер министринин жообу. Гренландияны алам деп жатабы? Ал жакта эл жок, ошол жакка жөөттөрдү көчүрсүн. Израилди колдогондор айтып жатпайбы, Палестина чөл эле, жөөттөр Европадан келип, Палестинанын чөлүн гүлдөтүп жиберди деп. Мындан тышкары бул акылдуу адамдар ушунча жаңы нерсени чыгарып жатат, биз адамзат колдонуп жатабыз дейт. Анда буларды дагы бир жолу текшерели.
Буларды биринчи Муса Алейхисалам пайгамбар текшерген, Мисир – Египеттен алып келип, 40 жыл чөлдө адаштырып, акыры ушул Израилге алып келип текшерген. Ошондо да айткан, силер адам эмес экенсиңер, Кудайга ишенбей, торпокко ишенип калдыңар деп. Экинчиден, Улуу Британия күнөөлүү, Осмон империясы кулагандан кийин мандатты алып алып, 1947-жылы резолюция кабыл алып текшерди. Эми үчүнчү жолу текшерсин. Жөөттөр ушундай эле мыкты, жаңы нерсени ойлоп чыгарса, Гренландия бош жер, көрөлүчү кантип гүлдөтөт экен.
– Трамптын өжөр жана ойлонбой бир нерсени айта бергендигин жакшы билебиз. Эгер ал күчкө салып эле газалыктарды көчүрө баштасы, анда эмне болушу мүмкүн?
– Эгер Трамп ушундай кыска ойлуулук кылса, анда чынында украина-орус согушу эмес, Жакынкы Чыгыштагы уруш үчүнчү дүйнөлүк согушка айланып кетет. Бул жагдайды эстен чыгарбашыбыз керек. Бул жакта Россия, Пакистан Палестинаны колдоп жатат. Эки мамлекетте тең ядролук курал бар. Эми Израилди колдогон Америкада да ядролук курал бар. Франция мурдагыдай колдобосо да, мусулмандар көп болгон менен расмий Париж Израилге болушат. Ошондо төрт ядролук куралы бар мамлекет бири-бири менен согушка катышып калуу алдында турат. Дагы бир эске ала турган жагдай, Израил менен Индия жакындап кетти. Дагы бир ядролук мамлекет кошулуп жатат. Иран да бар. Кудай сактасын, бирок үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетиши мүмкүн. Ошону Трмп башташы мүмкүн. Бирок, мен ойлоймун, Американын эли буга каршы болот. Себеби Американын президенти ляп деп сүйлөп койгон менен эли башка. Эгер ушул темп менен кете берсе, анда америкалыктар өкүнүп калат. Азыр АКШнын Конгреесинде депутаттары демилге көтөрүп жатат, Трампка импичмент жарыялайбыз деп. Анда анын иши чатак болушу мүмкүн.
– Американын жардамына таянган Израил армиясы Газа секторун бир жылдан ашык бомбалап, бирок жеңе алган жок. Акыры туткундарын бошотуу үчүн келишим түзүп, бир израилдикти 70-80 палестиналыкка алмаштырууга макул болду. Бул жерде кайсыл тарап жеңишке жетти?
– Саясатта да, жашоодо да бумеранг принциби бар. Эмнени жасасаң, эртең өзүңө кайтып келет. Бул көп жолу далилденген. Мына эми 1948-жылдагы Нагба трагедиясын эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондо жөөт аскерлери мактанып жатат, “Биз Палестина арабдарын тургузсак, баары турду, баарын атып чыктык. Качкандарды от менен атып күйгүзүп аттык, кыздарды зордуктап аттык, муну ачык айтып жатабыз, бирок жооп бере турган күн да келет”,- деп мактанып, өздөрү кейип атат. Башкача айтканда, 1948-жылы булар жасаган акмакчылык, фашисттик ыкма кайтып келип жатат.
Мына бүгүн көбү түшүнүп жатат, ХАМАС террорист эмес экен да дейт. Мен да ушуну дайым айтам, эгер баканы бассаң да “баак” деп добуш чыгарат. 1948-жылдан бери кырып, өлтүрүп, геноцид кылып, камап атса, кечээ да видеодон көрдүм, беш жашар баланы чыңыртып машинага салып алып кетип жатат, эми тили чыгып, баса баштаган баланын күнөөсү эмне? Ушундай кылып атса ким чыдайт? Палестинанын ордунда болсок, биз да көтөрүлөт элек. Палестина эли таш менен урушуп жатат, аларда башка мүмкүнчүлүк жок. Ясир Арафаттын учурунда интифада деп коёт эле, жалаң таш менен урушат эле. Мына эми Палестина эли да курал колдонду эле Израиль армиясы эч нерсеге жарабай калгандыгын бүт дүйнө көрдү, шермендеси чыкты. Аны мурдагы коргоо министри Галант да айтты, аны жоопкерчиликтен кутулуш үчүн кызматтан кетиришти.
Бирок Эл аралык кылмыш соту кызматтан кетирсе да баари бир Галантты чакырат. Эске салсак, Нюрнбе́рг процессинде фашисттик Германиянын офицерлерин кызматтан кетип, 40-50 жыл өтсө да баарын таап келип соттоду го. Галант да жооп бериш керек. Ошондуктан бул жерде азыр Израилдин армиясы Жакынкы Чыгышта эң күчтүү болсо да башкаларды коркутуп атат, басып алам деп, өзүнүн оккупациялап басып алган жеринде армияга эмес, партизандарга жеңилип жатпайбы.
Эми туткундарды алмаштыруу боюнча. Эли талап кылып жатат. Эгер Нетаньяху менен Галант чыныгы мекенчил болгондо, элин ойлогондо башында эле согушту токтотуп туруп, айткан сөзүңөргө макулбуз деп ХАМАС менен келишимге барып, барымтадагыларды бошотот эле. Ал эми бармтадагылардын үчтөн бирин өздөрү бомбалап, атып салды. Бул маселеде да алар жеңилди. Ошондуктан аскерлери да, саясатчылары да жеңиди. Бүгүнкү күндө Тель-Авивде, Иерусалимде жөөттөр митингге чыгып жатат.
Дагы бир нерсени айтып коёюн, эл аралык кылмыш сотуна мүчө болгон өлкөлөргө Нетаньяху менен Галант барып калса, кармап сотко алып келсе, мен сүйүнөт элем. Ошол күн келет, буюрса. Алардын катарына Трамп да кошулуп калышы мүмкүн. Анткени мен айтпадымбы, ал Израилге согуш үчүн акча, оор бомбаларды берип, Газанын элин кууп чыгып, ал жерди оюн жайга айлантам деп жатат. Анын бул айтканы Нетаньяхуга жакккан менен дүйнөлүк коомчулукка жакпайт. Бир эле мусулмандарга эмес, керек болсо христиан, буддисттер, Түштүк Корея, Японияга да жакпайт.
– Эл аралык кылмыш соту Израилдин өкмөт башчысы менен коргоо министрине кылмыш ишин козгоду эле, АКШ бул уюмга санкция салып койду. Бул канчалык мыйзамдуу?
– Бул чектен чыккан акмакчылык. Бир анекдоттогу арстанга ишенип, айбанаттардын баарын жеңген коёндун жоругуна окшошуп жатат. Эгер Америка колдобой койсо эле Израиль жеңилет. Алар өздөрү коркок, Америкага, НАТОго ишенет. Бирок бүгүнкү күндө НАТОнун көпчүлүк мүчөлөрү Американын, жөөттөрдүн планына каршы болуп жатат. Эгер Трамп кетип, анын ордуна АКШга адилетүүрөөк президент келип, Израилди колдобой койсо, Израилдин күнү бүтүп, 1948-жылы кандай түзүлсө, ошондой жок болот.
Бирок бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүндө бир гана нерсе – ынтымак жетишпей жатат. Ошол Эл аралык кылмыш сотуна көп өлкөлөр мүчө, Трамп санкция киргизгенде токто, булар кылмышын далилдеп жатат деп каяша айтыш керек эле, бирок анте албай жатышат. Өкүнүчтүүсү, азыр бир полярдуу дүйнө болгондуктан, бир тараптын үстөмдүгү жүрүп жатат. Мурда, СССРдин учурунда экөө тирешип, Америка коркот эле. Азыр жалгыз болуп калбадыбы. Ошондуктан экинчи полюс сөзсүз түзүлүш керек, бул – Россия, Кытай, Иран. Болбосо Америка кутуруп, мындай акмактар бийликке келсе, ушундай боло берет.
Ошондуктан экинчи полюс сөзсүз керек. БУУнун Палестинаны колдогон жакшы чечимдерин тоотпой, добуш бербей коюп жатат, ошону менен аткарылбай калууда. Андыктан Эл аралык кылмыш сотунун мүчөлөрүнө, эң негизгиси, анын прокурору Карим Ханга күч-кубат каалаймын. Америкадан, анын санкциясынан коркпой, адилет карап, Нетаньяху менен Галантты камаш керек деп чечим чыгарышты.
Американын президенти көп болсо төрт жыл турат. Бул аралыкта Эл аралык кылмыш соту чечимин артка кайтарып, жокко чыгарбайт да. Карим Хан да, судьялар да корко турган адамдар эмес экен. Төрт жылдан кийин Трамп жок болобу, балким ага чейин жок болобу? Бул чечим сөзсүз ишке ашат. Бул да апендинин падышанын эшегин сүйлөтүп берем деген анекдоттой эле жагдай. Фашисттик Германия жеңилгенден кийин Нюрнбе́рг соту болгондой, сөзсүз адилеттик жеңет, кылмыш жазасыз калбайт.
Маектешкен Эмилбек Момунов.