УКМК төрагасы Кыргызстанда  кытай жарандарынын көптүгүнүн себебин айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев учурда кыргыз коомчулугунда “Кыргызстанда Кытайдын жарандары көбөйүп кетти” деген сөзгө комментарий берди.

Атайын кызматтын жетекчиси 27-ноябрда Кемин шаарында жаңы төрөт үйүнүн имаратына мезгил кутусун салуу иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө кытай жарандары бийликтин көзөмөлүндө экенин айтты. Анын сөзүнө ылайык, Кытайдын жарандарына өлкөдө эки айдан бир жылга чейин эмгек визасы, ал эми туристтик виза 14 күнгө берилет. Камчыбек Ташиев визасы аяктагандарды тиешелүү мамлекеттик мекемелер өлкөдөн чыгарарын кошумчалады.

“Мамлекетибизде “кытайлар басып кетти, кытайлар талап-тоноп алды, кытайлар бардык жерди ээлеп алды” деген туура да, туура эмес да сындар айтылып жатат. Туура, Кытай мамлекетинен келген жарандар көбөйдү. Себеби өлкөдө чоң-чоң долбоорлор ишке ашып жатат. Башка мамлекеттер бизде да чоң проекттерди ишке ашырса болоруна, талап-тонолбой турганына ишенди”, – деди ал.

15-ноябрда “Чайна-Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочулары Чүйдүн Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл ташуу маалында жол талашып, жаңжал чыккан. Жаракат алгандардын бири – 20 жаштагы жигит ооруканага түшкөн. Бул окуяга абйланыштуу Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козголуп, Кытайдын 44 жараны милицияга жеткирилген. Алардын ичинен 16сы 2026-жылдын 15-январына чейин камакка алынган. Ушундан улам коомдо кытайлыктарга каршы маанай күчөгөн.

Бул окуяга президент Садыр Жапаров да комментарий берип, Кыргызстанда виза менен жүргөн кытайлык жарандар көзөмөлдө экенин айтып, айрым күчтөр чагымчылдык кылып жатканын билдирген. Президент Бишкекте “Алтай” шаарчасынын курулушунун башталыш аземинде да эл менен жолугушуп, кытай жарандары Кыргызстанга чоң долбоорлордун курулушу үчүн келип жатышканын билдирип, элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырган.

19-ноябрда Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини Кыргызстанга расмий сапары менен келип, Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон. Кытайдын башкы дипломаты анда Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарыл экени түшүндүрүлүп жатканын айткан.

Маалымат:

2024-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө бекеттер аркылуу Кытай Эл Республикасынын 127 миң 956 жараны келген (Кытай Эл Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга келишинде 56% өсүү байкалууда). Ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 70 миң 842 адамды түзгөн.