Орусиянын коргоо министри Пентагон менен байланышып, Киевге таасир көрсөтүүгө чакырган.
Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Рябков: Украинанын атайын кызматы Путин менен Белоусовдун өмүрүнө кол салуу аракетин даярдап жаткан.
Украинанын атайын кызматтары 28-июлда Санкт-Петербургда Аскер-деңиз флотунун күнүнө арналган парадда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Орусиянын Коргоо министрлигинин башчысы Андрей Белоусовдун өмүрүнө кол салууну пландаган. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) башчысынын орун басары Сергей Рябков билдирди.
Анын айтымында, парадга бир нече күн калганда Белоусов Пентагондун башчысы Ллойд Остин менен байланышып, телефон аркылуу сүйлөшкөн жана сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал америкалык кесиптешин Киевди өз ниетинен баш тартууга көндүрүүгө чакырган.
Орус дипломатынын айтымында, АКШнын Коргоо министрлигинин башчысы Белоусовдон алынган маалыматка “өтө таң калган”, бирок аны олуттуу кабыл алган.
Пентагон Украинанын Орусиядагы жашыруун операциясына бөгөт койду
Орусиянын коргоо министри 12-июлда Остинге телефон чалып, Киевдин Орусия Федерациясына каршы даярдап жаткан операциясы тууралуу кабарлады.
Америкалык эки аткаминердин жана телефон чалуу боюнча маалымат берген дагы бир расмий өкүлдүн айтымында, Москва Украина тарабынан пландалган тымызын операциянын далилин тапкан жана аны Вашингтон жактырган болушу мүмкүн.
“Белоусов мырза эмне десе да, үч аткаминер тең айткандай, америкалыктар украиндер менен байланышып: “Эгер ушундай нерсени пландаштырган болосоңор, андай кадамга барбагыла”,- дегени олуттуу кабыл алынган”, – деп жазат The New York Times гезити.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Путинге кол салуу аракетин даярдоодо АКШнын ролуна көңүл бурду
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын Киевдин орус президентине кол салуу аракетин даярдоого катыштыгы бар экенин билдирди. Ошентип, ал Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын (КМ БЧБ) башчысы Кирилл Будановдун (Росфинмониторингдин террористтер жана экстремисттер тизмесине киргизилген) Киев Путинге кол салууларды даярдап жатат деген сөздөрүнө комментарий берди. Ошол эле учурда Буданов бардык кол салуу аракеттери ийгиликсиз болгонун моюнга алды.
“Бул кол салуу аракети дагы Американын акчасы менен даярдалган, ансыз Башкы чалгындоо башкармалыгынын, УККнын жана бүтүндөй Украинанын зыяндуу иш-аракеттери болмок эмес”.
Мария Захарова,
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү.
Захарова ошондой эле Улуу Британияны Украинанын операциясына көмөктөшкөн деп айыптады. «Буданов айткан Путинге кол салуу аракети Киевдин англосаксондук кожоюндарынын катышуусунда пландалганы шексиз», – деп белгиледи ал.