Украина президентинин кеңсеси Путиндин тынчтык сунуштарын четке какты

Украина президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк X социалдык тармагына президент Владимир Путиндин жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык демилгесинде “чыныгы тынчтык сунушу” жок экенин жазды. Буга чейин Владимир Путин Киев менен Батышка тынчтык сунушун киргизип жатканын билдирген.

Подоляк кошумчалагандай, орус президенти сунуштаган блокко кирбөө макамы Украинаны коргоосуз калтырат. Ал аскерлерди чыгарып кетүү сунушун Украинанын аймактарын багынып берүү жана эгемендүүлүктөн жана субъективдүүлүктөн баш тартуу деп атады. Подоляк орус президентинин демилгесин “эл аралык укукка каршы” деп эсептеп, мындай пикирлер Кремлде мурда да айтылып келгенин айтты.

Владимир Путин аскердик жаңжалды токтотууну сунуш кылган шарттар төмөнкүчө:

Украин аскерлери Луганск жана Донецк элдик республикаларынан, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарынан чыгарылууга тийиш;

Киев НАТОго кирүү пландарынан баш тартышы керек;

Украина нейтралдуу, өзөктүк куралсыз статуска ээ болушу керек;

Орусияга каршы санкцияларды алып салуу керек;

Крым менен Севастополдун, ДЭР менен ЛЭРдин, Запорожье жана Херсон облустарынын Россия Федерациясынын региондору катары статусу да эл аралык документтерде белгилениши керек.

Орус президенти эгер Украина менен Батыш бул шарттардан баш тартса, келечектеги шарттар башкача болорун эскертти. Ал кошумчалагандай, шарттар Украинанын пайдасына өзгөрбөйт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн тынчтык формуласын иштеп чыкты, анын айрым пункттары Швейцариядагы тынчтык конференциясында талкууланышы пландалууда. Орусия Украинанын тынчтык формуласын четке кагууда.

Саммит 15-16-июнда Швейцариянын Нидвальден кантонунда өтөт. Орусия тарап эгер чакыруу түшсө иш-чарага барбай турганын алдын ала билдирген. Швейцариянын тышкы иштер министрлиги Орусиянын саммитке катышуусунун маанилүүлүгүн билдирген.

Комментарий жиберүү