Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак отставкага кетти

Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак министрлер кабинетинин башчысы кызматынан кеткенин Би-Би-Си билдирди.

“Мен бул жумушка бардыгын бердим, бирок сиздер Улуу Британиянын өкмөтү өзгөрүшү керек жана сиздин чечимиңиз маанилүү деп ачык билдирүү жөнөттүңүз”, – деди Сунак премьер-министрдин Даунинг-стрит кеңсесинде шайлоочулардын алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Букингем сарайы Сунактын отставкасын падыша кабыл алганын ырастады.

Сарайдын билдирүүсүндө: “Урматтуу Риши Сунак, парламенттин депутаты бүгүн эртең менен Король Чарльз III менен аудиенцияда болду жана премьер-министр жана Казыналыктын биринчи кожоюну катары кызматтан кетүү тууралуу арыз берди, Улуу Даражалуу Король кабыл алууга макул болду” деп айтылат.

5-июлда Улуу Британия парламентинин төмөнкү палатасына шайлоодо оппозициядагы Лейбористтер партиясы жеңип чыкканы белгилүү болду. Ал 650 орундун 326сын алган.

Ошол эле учурда Сунак мүчө болгон Консервативдик партия 14 жылдан бери биринчи жолу жеңилди.

Комментарий жиберүү