Аль-Баттани Абу Абдуллах (859–929 гг.) Урфа (азыркы ШанлыУрфа, Түркия ѳзүнүн кѳп кылымдык тарыхында кѳптѳгѳн цивилизациялардын бешиги болгон. VII кылымдан кийин, бул аймакта алгачкы университеттер негизделип, анда ошол мезгилдин кѳптѳгѳн окумуштуулары жана философтору билим алышкан) провинциясынын Харран аймагындагы Баттан кыштагында жарык дүйнѳгѳ келген. Анын толук аты – Мухаммад бен Джабир бен Синан ар-Ракки ал-Харрани. Илимий дүйнѳгѳ Баттани катары таанымал. Адамзаттын тарыхындагы 20 эң кѳрүнүктүү астрономдордун катарына кирет.
Баттани ѳзүнүн илимий ишмердүүлүгүндѳ тѳмѳнкү принципти туу туткан:«Адам Аллахтын бардыгын, кудуретин жана анын кемтиксиздигин илим аркылуу, биринчи кезекте астрономия менен тааныйт».Ошондуктан Баттанинин кѳпчүлүк эмгектери астрономия илими менен байланыштуу. Баттани Евфрат дарыясынын жээгиндеги Ракка шаарында (Халеба – азыркы Алеппо шаарынан 160 км түндүктѳ жайгашкан) обсерваториясын курган. Ал Күндүн жана Айдын кѳзгѳ кѳрүнгѳн диаметрлериндеги жыл ичиндеги ѳзгѳрүүлѳрүн ѳлчѳгѳн окумуштуулардын эмгектерине чоң салымын кошуп, күндүн, айдын жана башка планеталардын кыймылын, орбиталарын математикалык тактыкта аныктоого аракет кылган. Ал күндүн, жердин алыскы чекитиндеги кыймылын; күн орбитасынын жерге болгон эңкейишин жана жердин ѳз огунда айлануусунун ѳзгѳрүшүн; жердин эклиптикалык эңкейишин эсептеп, 23° барабар экенин аныктаган. 5 кылымдан кийин аны Коперник эсептеп чыккан (23° 35\’). Аны менен бирге, бизге белгилүү бурчтун маанисин эсептеп, жарым минута гана жаңылыштык кетирген.
Баттани Ракка шаарында ѳзү курап чыккан күн саатынын «затуль-халяк» (алкактуу шар бири-бирине кийиштирилип, ар түрдүү алкактардан жасалган обсерваториялык аспап болуп эсептелет) жана тригуэтум (затуш-шубатайн) деп аталган аспаптарынын жардамы менен кээ бир космостук кѳрүнүштѳргѳ байкоо жүргүзгѳн. Алар менен эле катар, ал күндүн жана айдын тутулушуна байкоо салып, алынган маалыматтардын негизинде айдын жана планеталардын кыймылын аныктаган. Ошондой эле жаңы айды карап, шарттарын жиктелишин (классификация) түзгѳн. Баттани ѳзүнүн изилдѳѳлѳрүнүн натыйжасында, жылдын узактыгын 365 күн 5 саат 46 минут жана 32 секунда деп эсептеп, азыркы заманбап телескоптордун эсептѳѳсүнѳ жакындаган. Акыркы муундагы телескоптордун жана илимий эсептѳѳлѳр маалыматы боюнча, жылдын узактыгы 365 күн 5 саат 48 минута жана 46 секундага барабар.
Баттани мусулмандар үчүн ѳзгѳчѳ маанилүү болгон, ар аймактагы кыбыланы эсептѳѳ жана аныктоо мүмкүнчүлүгүнүн үстүндѳ иш алып барган. Ал Мекке шаарынын жана кыбыланын багытын аныктай турган жерлердин кеңдигин жана узундугун таап, ортодогу айырмачылыктардын негизинде кыбыланын багытын белгилеген. Кыбыланын тизмегин зиджага (жылдыздардын жайгашуусунун жана кыймылынын тизмеги), астролябияга (кеңдикти аныктоочу байыркы аспап) жана рубу такталарына киргизген.
Баттани, тригонометриянын негиздѳѳчүсү катары да белгилүү. Ѳзүнүн эмгектеринде, дүйнѳдѳ биринчилерден болуп математикалык ыкмаларды колдонуу менен тегиздиктин жана алкактын тригонометриясы боюнча изилдѳѳлѳрдү жүргүзгѳн. Тригонометрияны астрономиялык тизмектерди даярдоодо кеңири колдонгон.
Баттанинин кээ бир жетишкендиктери жана ачылыштары жѳнүндѳ кыскача тѳмѳнкүлѳрдү айтсак болот:
1. Ал алгачкы жолу грек хордасынынын ордуна синусту колдонгон.
2. Биринчилерден болуп котангенстин концепциясын иштеп чыгып, градустардын тизмегин түзгѳн.
3. Айдын кеңдиктеги орточо кыймылын аныктаган.
4. Күндүн жана айдын кѳзгѳ кѳрүнгѳн диаметрин ѳлчѳгѳн.
5. Күндѳгү жыл ичиндеги, ал эми айдын 30 күн ичиндеги ѳзгѳрүүлѳрүнүн параметрлерин эсептеген.
6. Айдын тутулуусунун даражасын аныктоо үчүн жогорку тактыктагы ыкманы иштеп чыккан.
7. Алкактык тригонометриянын кээ бир маселелерин ортографиялык проекциялоонун жардамы менен изилдеген.
8. Түз бурчтуу үч бурчтуктарды гана эмес, геометриянын негизги түшүнүктѳрү болгон синус, косинус, тангенс, котангенс, секанс жана косеканстарды баяндап жазып, аларды иш жүзүндѳ кеңири колдонгон биринчи окумуштуу.
9. Чыныгы астрономиялык – жылдык тизмекти даярдаган алгачкы окумуштуу.
10. Бурчтардын (0-90 градустар) тригонометриялык маанилерин эсептеп чыккан.
11. Тригонометриялык теңдемелерди эсептѳѳдѳ алгебраикалык ыкманы колдонгон.
Баттанинин жогоруда аталган математикалык жана башка жетишкендиктери жогору бааланып, XV-XVII кылымдарда Николай Коперник, Иоганн Кеплер, Тихо Браге, Галилео Галилей сыяктуу окумуштуулар тарабынан кеңири колдонулган.
Баттани ѳз мезгилинин кѳрүнүктүү астроному жана математиги эле болбостон, орто кылымда эмгектери латын тилине которулган алгачкы мусулман-окумуштуу катары эсептелет. Анын эмгектеринин маанисин кѳрсѳтүү максатында, айга анын аты берилген – ай картасында ал Альбатегниус катары белгиленген. Демек, Баттани Батышта ушул ысым менен таанымал. Анын ѳзгѳчѳ мааниге ээ эмгектери катары тѳмѳнкүлѳрдү белгилесек болот:
1. «Китаб аз-Зидж». Бул астрономиялык тизмектердин китеби, ал 57 темадан турат. Баттанинин түшүндүрмѳсүнѳ караганда, бул китепти жазуунун негизги себеби: жаңы байкоолорго таянып, космостук бѳлүкчѳлѳрдүн кыймылы жѳнүндѳгү теорияны башка «зиджа» (тизмек) салыштырып, алынган натыйжаларды тактоо болуп эсептелет. Бул бизге чейин жеткен эң кѳлѳмдүү, белгилүү жана жападан-жалгыз китеп. Ал эмгек байкоолордун жана эсептѳѳлѳрдүн натыйжаларын камтыган, алкактык тригонометрия тармагындагы билимдер мусулман эле эмес, Ренессанс этабынын башталышындагы орто кылымдагы Европа мамлекеттеринде дагы маанилүү булактардан болгон. Уникалдуу китепте кѳпчүлүк жылдыздардын кыймылы, орбитасы жана космостук мейкиндиктеги ээлеген орду так-таасын кѳрсѳтүлгѳн.
Астрономиянын жана алкактык тригонометриянын ѳнүгүшүндѳ чечүүчү ролду ойногон бул эмгек, Батыштык окумуштуулар тарабынан жарыкка чыккандан, 300 жылдан кийин бааланып, XII-XIX кылымдар аралыгында, алгач латын, кийинчерээк испан тилдерине которулган.
Белгилүү болгондой, Тихо Браге жана Джовани Батиста Ричиоли ѳз эмгектеринде «Китаб аз-Зиджди» колдонушуп, Кеплер менен Галилей Баттанинин эмгектерине ѳтѳ кызыгышкан. XX кылымдын башында китеп ѳзүнүн түп нускасы менен бирге, араб тилинде жарык кѳргѳн.
2. «Китабу Марифатиль-Металииль-Бурудж фи мабайна Арбаатиль-Фаляк». Бул астрономиялык эмгекте космикалык алкактын тѳрттѳн биринде, 12 зодиак белгинин топ жылдызынын пайда болуу чекиттери, ай тутуулусу жана ай менен жылдыздардын келип чыгуу ордулары жѳнүндѳ айтылат. Заманбап астрономияда, 0-36 градус кеңдиктеги жылдыздардын келип чыгуу чекиттерин кѳрсѳткѳн, Баттанинин тизмегине окшош тизмектер азыркыга чейин колдонулат.
3. «Рисалатун фи Тахкик-и Акдариль-Иттисалат». Аталган эмгекте кеңдикти жана алкактык тригонометрияны колдонуу менен, жылдыздардын бири-бирине катарлаш жайгашуусунун критерийлери жѳнүндѳгү изилдѳѳлѳр чагылдырылып, жылдыздардын жарык нурун чачыратышы түшүндүрүлѳт.
Булардын тышкары, Баттани астрономия менен байланышкан тѳмѳнкү эмгектердин автору:
4. «Рисалатун фи Амалиятит-Терсимид-Дакика».
5. «Китабу Тадилиль-Кевакиб».
6. «Илмун-Нуджум».
7. «Китабу фи Илмиль-Фаляк».
8. «Китабун ан Даиратил-Буруджваль-Куббатиш-Шамсия».
9. «Мухтасарун фи Кутуби Батлемусиль-Фаля-кия».
10. «Рисалатун фи Микдариль Иттисалатиль-Фалякия».
Дүйнѳгѳ таанымал кѳптѳгѳн окумуштуулар, Баттанинин жетишкендиктерин жогору баалашкан. Баттанинин эмгектерине жогорку баа берген бирден-бир окумуштуу болуп Бируни эсептелет. Саид-аль-Андалуси «Табакатуль-Умам» аттуу эмгегинде, Баттанини, жылдыздар менен планеталардын кыймылын так аныктай алган даанышман окумуштуу катары белгилеген.
Белгилүү Батыштык чыгыш таануучулар Гиббс менен Кремерс, Баттанинин ушмуштуудай акыл кѳрѳңгѳсүнѳ жогорку баа беришип, мусулман дүйнѳсүнүн ар кыл маданиятын ѳзүнѳ сиңирген, энциклопедиялык билимге ээ окумуштуу катары белгилешет. XVIII кылымда жашап ѳткѳн француз астроному Лалонд, аны адамзаттын тарыхындагы эң кѳрүнүктүү 20 астрономдун катарына кошот. Илимдин тарыхын изилдѳѳчү Г.Сартон, Баттанини ѳз мезгилинин мусулман астроном-окумуштуусу катары белгилесе, ал эми дагы бир илимдин тарыхын изилдѳѳчү, Эрик Белл аны алгебраны тригонометрияга карата колдонгон алгачкы окумуштуу экенин баса белгилеген.
Париж ислам институтунун профессору Жак Рислер: «Баттани гана бүгүнкү күндѳ колдонулуп жаткан, жаңы тригонометриянын негиздѳѳчүсү жана тригонометриянын заманбап катыштарын иштеп чыккан окумуштуу болуп саналат». Профессор Филип К.Хити: «Батыштын математик окумуштуулары, Баттаниден 500 жылдан кийин, тангенс менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышкан».
M. Чарльз: «Ал күн саатты жасап чыгуу менен, синус жана косинус атоолорун алгач колдонгон окумуштуу. Узаруучу кѳлѳкѳ деген атоосу, азыркы геометриянын тилинде тангенс деп аталат».
Биздин планетанын аль-Баттани сыяктуу кѳрүнүктүү адамдары, аларга берилген акылды жана талантты, адамзаттын жалпы мурасы болгон илимдин ѳнүгүшү үчүн жумшап, ѳз тармактарында, кийинки ачылыштар жана ойлоп табуулар үчүн даңгыр жол салышкан. Канчалаган кылымдар ѳтсѳ дагы, алардын эмгектери ѳз баа-баркын жогото элек. Азыркы жаш муун, ушул сыяктуу мисалдардан, ѳрнѳктүү ѳмүр жолунан сабак алып, келечекте илимге ѳз салымдарын кошот деген ишеничтебиз.