Францияда Израилдин басып алган аймактардан экспорттогон курмаларын бойкоттоо башталды

Францияда жарандык уюмдар жана керектөөчүлөрдүн укугун коргогон активисттер Палестинанын басып алынган аймактарынан импорттолгон курмаларды бойкоттоого багытталган кеңири өнөктүк башташты.

Fars news агенттиги маалымдагандай, Францияда мындай курмалар айланасындагы талкуу өтө курч жана талаштуу маселеге айланды.

Франциялык укук коргоочу активист Бернар Вирла бул импорттук товарларды сатуудагы маркетинг ыкмаларын катуу сынга алып, аны Европа мыйзамдарынын ачык бузулушу деп атады.

Анын айтымында, көптөгөн сатуучулар курманын чыныгы келип чыгышын атайылап жашырышат. Бул азыктар «басып алынган палестин аймактарынан келген» деп ачык көрсөтүлбөстөн, жөн гана штрих-коддор же башка белгисиз жазуулар менен сатылууда.

Вирла “Аль-Жазира” телеканалына берген маегинде мындай аракеттер 2015-жылы кабыл алынган Европа мыйзамына түздөн-түз каршы келерин белгиледи. Ал мыйзам импорттук товарлардын келип чыгышы так көрсөтүлүшүн талап кылат.

Ошондой эле ал Рамазан айында бул курмалардын сатылышы өзгөчө күчөй турганын айтып, ошол эле учурда израилдик баскынчылар Палестина элинин жер жана суу ресурстарын уурдап, ошол эле продукцияларды өстүрүп, Европага экспорттоп жатышканын белгиледи.

Рамазан айын кыянаттык менен пайдалануу жана европалык базардагы карама-каршылык

Укук коргоочу Вирланын айтымында, Европанын базарларында ачык карама-каршылык байкалат. Рамазан айы келгенде медиа жана сатуучулар мусулмандарды ушул курмаларды сатып алууга үндөгөн атайын жарнамаларды көбөйтүшөт. Бирок мындай сатып алуулар иш жүзүндө Израилдин аракеттерине каржылык колдоо көрсөтүүгө барабар деп эсептелет.

Ал муну «палестиналыктардын канынын үстүнөн пайда табуу» деп мүнөздөп, бул продукциянын негизги бөлүгү Франция менен Улуу Британияга экспорттоло турганын айтты. Бул эки өлкө Европадагы эң ири керектөө базары болуп саналат.

Франциялык активисттердин бири дүкөндөн Израилдин желеги түшүрүлгөн курманы сатып алмакчы болгондо, башка кардар анын чыныгы келип чыгышын түшүндүрүп бергенин айтып берди. Бул керектөөчүнү атайылап адаштыруунун мисалы катары бааланууда.

Ишенимдүү альтернатива

Коомчулуктун жана керектөөчүлөрдүн ролу абдан маанилүү. Франциядагы жана Европадагы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоочулар элди шектүү продукциялардын ордуна Алжир сыяктуу өлкөлөрдөн алынган анык курмаларды издөөгө чакырышты.

Алар бул продукцияларды бойкоттоо моралдык жана гумандуу милдет гана эмес, ошондой эле адам укуктарынын бузулушуна каршы аң-сезимдүү аракет деп эсептешет.

Бельгиядагы эмгек тилектештиги

Бул өнөктүк азык-түлүк базары менен гана чектелбейт. Бельгияда өткөн жылы Брюсселдеги Улуттук жумушчулар биримдиги жумушчуларды Тель-Авивге коммерциялык каттамдарды бойкотоого чакырган.

Бул демилге палестин элин колдоо жана Израиль менен мамилелерди кадимки көрүнүш катары кабыл алууга каршы багытталган. Бирикменин пикиринде, мындай кызматташтык адам укуктарынын бузулушуна кыйыр түрдө катышуу болуп саналат.