Францияда катаал экономикалык чараларга каршы 200 миңдей адам массалык нааразылык акцияларына чыкты. Бул тууралуу ИИМдин убактылуу жетекчиси Брюно Ретайо кризиске каршы штабдын жыйынынан кийин билдирди. Анын сөзүн BFMTV телеканалы түз эфирде көрсөткөн.
“Бул жалпы өлкө боюнча 200 миңдей киши чыккан ири акция болуп эсептелет”, — деди ал.
Парижде болжол менен 14 миңдей киши нааразылык акциясына катышууда. Париждин борборундагы аянтта демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болгонун BFMTV телеканалы өз журналистине шилтеме берүү менен билдирди.
5
Маалыматка ылайык, полиция 521 кишини кармашкан, алардын ичинен 251и — борбор калаада кармалган.
10-сентябрда Францияда “Баарын тособуз!” урааны менен массалык нааразычыылк акциялары өтүп жатат. Жалпысынан өлкө боюнча 700дөн ашык ар кандай акциялар пландалган. Катышуучулардын арасында мурдагы “сары жилетчилердин” өкүлдөрү да бар экени айтылды. Коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн 80 миңдей полиция жана коопсуздук кызматкерлери тартылган.
Нааразычылыктын себеби
Июль айында ошол учурдагы Франциянын премьер-министри Франсуа Байру 2026-жылга карата бюджеттин мыйзам долбоорун сунуштаган. Өкмөт мурда пландаштырылган 40 миллиард евронун ордуна чыгымдарды 43,8 миллиард еврого кыскартууну көздөгөн.
Өкмөттүн планында пенсия менен социалдык төлөмдөр индексацияланбайт, коргонуу министрлигинен башка эч бир министрликтин бюджети көбөйтүлбөйт. Коргонуу тармагына болсо дүйнөдөгү коопсуздуктун начарлашына байланыштуу кошумча 3,5 миллиард евро бөлүнмөкчү.
Байру ошондой эле бюджеттик тартышты азайтуу үчүн “француздар көбүрөөк иштеши керек” деп белгилеген. Ал эки майрам күнүн жумушчу күнгө айландырууну сунуш кылган (мисалы, Европада 8-майда белгиленүүчү фашизм үстүнөн жеңиш күнүн расмий майрамдан чыгаруу). Бул чаралар француздардын катуу нааразылыгын жараткан.