Францияда 15 жашка чыга элек өспүрүмдөр үчүн социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынат

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салуу ниетин билдирди. Анткени жаштар арасындагы зордук-зомбулуктун күчөшүндө социалдык медиа чоң роль ойнойт.

Анын бул пикирин France 2 телеканалы жарыялаганын interfax.ru агенттиги жазды.

“Биз 15 жашка чейинки балдар үчүн социалдык тармактарга тыюу салышыбыз керек”, – деп баса белгиледи президент.

Макрон Евробиримдиктин балдардын социалдык тармактарды колдонуусу үчүн курактык чектөө боюнча иши бир нече айдын ичинде бүтөөрүнө ишеним артып, бирок Франция муну күтпөй турганын кошумчалады.

Ал бул билдирүүсүн 10-июнда Франциянын Ножан-сюр-Мар шаарында 14 жаштагы мектеп окуучусу бычак менен мектептин кызматкерине кол салгандан кийин каза болгон трагедиялуу окуядан соң айтты.

Президент ошол эле учурда бычактарды сатуу боюнча “эрежелерди катаалдаштыруу” керектигин, өспүрүмдө бычак жана адамга зыян келтире турган куралдар болбошу зарылдыгын баса белгиледи.

2023-жылдан бери Францияда 15 жашка чейинки балдар ата-энесинин макулдугу менен гана социалдык тармактарга каттала алышат. Сенат бул мыйзам долбоорун ошол эле жылдын июнь айында жактырган.

Кошумчалай кетсек, Францияда веб-сайттар теориялык жактан 13 жашка чыга элек балдар үчүн жеткиликтүү эмес. Бирок Франциянын Технологиялар жана Эркиндиктер боюнча Улуттук комиссиясынын (CNIL) маалыматы боюнча, кээ бир балдар сегиз жашында эле каттоодон өтүшөт, ал эми 10-14 жаштагы балдардын жарымынан көбү Snapchat жана Instagram сыяктуу социалдык тармактарды колдонушат.

Эскерте кетсек, буга чейин Франция, Испания жана Греция Еврокомиссияны социалдык тармактарга кирүү үчүн минималдуу жаш куракты белгилөөгө чакырып, социалдык тармактар жашы жете электердин ден соолугуна байланыштуу бир катар көйгөйлөрдү жаратарын айтышкан.

Жыйынтыгында Франция менен Греция 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну сунуштаса, Испания бул маселени талкууга ачык калтырууну билдирген.

Ал эми Жаңы Зеландиянын өкмөтү өлкөнүн парламентине 16 жашка чейинки балдар үчүн социалдык тармактарга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.