Францияда 80ден ашуун депутат Макронго импичмент жарыялоону талап кылууда

Франциядагы солчул партиялардан куралган “Жаңы элдик фронт” аттуу саясий блогунун 81 депутаты өлкө президенти Эммануэль Макрондун кызматтан кетишин талап кылган резолюция кабыл алды, деп билдирет Franceinfo.

Импичмент процедурасын Жан-Люк Меленшондун ультрасолчул партиясы “Багынбаган Франция” тарабынан өлкөнүн Конституциясынын 68-беренесине ылайык демилгеленген.

Буга Макрондун Люси Кастени премьер-министрликке дайындоодон баш тартканы себеп болгон.

«Президент Эммануэль Макрондун 7-июлдагы шайлоодо жеңген коалициядан премьер-министрди дайындоодон баш тарткандан кийин, резолюциянын авторлору парламенттен президентке импичмент жарыялоо ишин козгоону талап кылышууда», — деп айтылат резолюцияда.

Резолюциянын авторлору шилтеме кылган Франциянын Конституциясынын 68-беренеси президентке өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн импичмент жарыялоого жол берет.

30-июнда жана 7-июлда өткөн Улуттук жыйынга мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы боюнча партиялардын бири да көпчүлүк добушка ээ болгон эмес. Анда жеңишке “Жаңы элдик фронт” (184 орун) жеткен. Президенттин “Бирге!” борборчул коалициясы экинчи орунду алып, 166 мандат алган. Үчүнч орунду 143 орунга ээ болгон ашынган оңчул “Улуттук биримдик” партиясы алган.

Макрон премьер-министрликке талапкер табуу үчүн парламентке өткөн партиялардын лидерлери менен бир катар жолугушууларды өткөргөн. Ал солчул талапкерди четке каккан. Анткени “Жаңы Элдик Фронт” башында турган өкмөт, анын пикири боюнча, Улуттук жыйындын макулдугун жана парламентарийлердин ишеним добушун ала албайт.

Эми резолюция 11-сентябрда Улуттук жыйындын канцеляриясында каралат, деп билдирет TF1.

Ал жерде алгылыктуу деп табылса, юридикалык комиссияга жиберилет, аны кабыл алуу үчүн жөнөкөй көпчүлүк добуш керек. Андан соң токтом парламент жыйынында талкууланат. Ал октябрдын башында болушу мүмкүн. Документти кабыл алуу үчүн көпчүлүк добуштун үчтөн экиси талап кылынат. Андан кийин ал Сенатка жөнөтүлөт.

Комментарий жиберүү