Палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израил ортомчулар аркылуу Газа тилкесинде ок атышпоо келишиминин алкагында бошотулушу пландалган барымтадагылардын жана туткундардын тизмесин бири-бирине өткөрүп беришти.
Бул тууралуу кыймылдын өкүлү Тахер ан-Нуну билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазышты.
“Бүгүн макулдашылган механизмдерге жана сандарга ылайык, бошотулушу керек болгон туткундардын тизмеси алмашылды”, — деди ал.
Ан-Нуну Египеттин Шарм-эл-Шейх шаарындагы сүйлөшүүлөр “оптимисттик маанайда” уланып жатканын жана ортомчулар келишимге жетишүү үчүн “эбегейсиз аракеттерди” жасап жатканын айтты.
Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тилкесиндеги жаңжалды токтотуу боюнча 20 пункттан турган планын жарыялаган. Анда ок атышууну токтоосуз токтотуу жана барымтадагыларды 72 сааттын ичинде бошотуу талабы каралган.
Документке ылайык, ХАМАС жана башка топтор анклавды башкарууга түз же кыйыр түрдө катышуудан баш тартууга тийиш. Курал тапшырып, тынч жашоого макул болгон кыймыл мүчөлөрүнө мунапыс берилет. Ошол эле учурда Израиль Газаны оккупациялабашы же аннексиялабашы керек.
Израилдин жетекчилиги палестиналык туткундарды бошотууну баштай турганын жана Газага жасалып жаткан аскердик операцияны токтотууну, аскердик активдүүлүктү минималдуу деңгээлге түшүрүүнү тапшырды. Тель-Авив АКШ белгилеген аскерлерди артка тартуу линиясын кабыл алды.
ХАМАС тирүү израилдик барымтадагыларды бошотууга жана каза болгондордун сөөктөрүн өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Бирок кыймылдын саясий бюросунун жетекчисинин орун басары Муса Абу Марзук учурдагы шарттарда бул ишти 72 саатта аткаруу мүмкүн эместигин белгиледи.
Кыймыл анклавды башкарууну өткөрүп берүүгө макул болду. Алардын айтымында, Трамптын планындагы башка маселелер Газанын келечегине жана палестиналыктардын укуктарына тиешелүү болуп, улуттук деңгээлдеги комплекстүү позицияга негизделет жана эл аралык укукка таянат. Бул темалар ХАМАС өкүлдөрү да кире турган жалпы палестиналык структуранын алкагында талкууланышы керек.
6-октябрда тараптар Египетте кыйыр сүйлөшүүлөр өтүп, анда тараптар израилдик барымтадагыларды жана палестиналык туткундарды бошотуу үчүн талаа шарттарын талкуулашты.