ХАМАС: кандай гана келишим болбосун Газада ок атууну толук токтотууга кепилдик бериши керек

Катардын борбору Дохада Израиль менен ХАМАС тобунун ортосунда ок атышпоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы болуп өттү. Бул сүйлөшүүлөр Газа тилкесинин эки миллион жашоочусунун жана былтыр 7-октябрда туткунга алынган израилдик барымтачылардын тагдырын гана эмес, бүткүл аймактын келечегин чечиши мүмкүн.

Израиль тарап Газа тилкесинде ок атышпоо маселеси боюнча палестиналык ХАМАС кыймылы менен пикир келишпестиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан АКШнын жаңы сунушун кабыл алганын Израилде иш сапары менен жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тель-Авивде журналисттерге сүйлөп жатып билдирип, эми аны ХАМАС да кабыл алышы керектигин айтты.

Өткөн жума күнү АКШ Египет менен Катардын колдоосу менен Израиль менен ХАМАСка ок атышууну токтотуу сунушун сунуштаган. Үч өлкө биргелешкен билдирүүдө алардын демилгеси майдын аягында Байден белгилеген принциптерге жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2735-резолюциясына негизделгени айтылат.

Документ үч этапты камтыйт. Биринчиси ок атышууну толук токтотууну, Газадагы эл жашаган аймактардан израилдик аскерлерди чыгарууну, ХАМАС тарабынан барымтадагыларды бошотууну жана камактагы палестиналыктарды алмашууну камтыйт. Экинчи этап калган барымтадагыларды бошотуунун ордуна согуштук аракеттерди мөөнөтсүз токтотууну, ошондой эле Газадан ЦАХАЛдын аскерлерин чыгарып кетүүнү камтыйт. Үчүнчү этап анклавды “көп жылдык калыбына келтирүү планынын” башталышын камтыйт.

Ортомчулар кийинки жолугушуусун жуманын аягына чейин Каирде өткөрүүнү макулдашты.

Белгиленгендей, техникалык топтор келишимдин негизги пункттарын ишке ашыруу механизмдерин, анын ичинде Газа тилкесиндеги барымтадагыларды Израилдин түрмөлөрүндө кармалып турган палестиналыктарга алмашууга, ошондой эле анклавдагы гуманитардык кырдаалга тиешелүү механизмдерди иштеп чыгууну улантат.

ХАМАС АКШнын жаңы демилгеси Израилдин кызыкчылыгын гана эске алганын билдирди.

Кыймыл ок атышпоо боюнча жаңы сунуш барымталарды алмаштыруу маселеси боюнча Израилдин жаңы шарттарын жана кээ бир пункттардан баш тартууну билдирет деп жооп берди. Кыймылдын өкүлдөрүнүн айтымында, бул Нетаньяхунун келишим түзүүгө жол бербөө жана согушту узартуу боюнча кезектеги аракети.

ХАМАСтын лидерлеринин бири Тахир ан-Нуну өз билдирүүсүндө Газада ок атышпоо келишиминин толук орнотулушуна кепилдик бербеген ар кандай келишим кабыл алынгыс экенин айтты.

Al-Mayadeen телеканалы палестиналык маалымдар булакка шилтеме жасап, АКШнын жаңы сунушу тараптардын мурда макулдашылган сунуштарынан таптакыр айырмаланып, Израиль режиминин жаңы шарттарына жана талаптарына ылайык келерин жазды.

Аталган булак АКШнын жаңы сунушу Израиль режиминин позициясына жана Нетаньяхунун жаңы талаптарына окшош экенин, бул сунушта Газа тилкесинде туруктуу ок атышпоо камтылган эместигин билдирди.

Сүйлөшүүлөр процессинен кабардар болгон булактын айтымында, АКШ сунуш кылган планга ылайык, Газа тилкесинде туруктуу ок атышпоо экинчи этапта белгилүү бир чектин алкагында сүйлөшүлөт жана ХАМАС Израилдин талабына макул болбосо, бул режим кайрадан согуштун экинчи этабына өтөт.

Комментарий жиберүү