Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин өлүмүнөн кийин Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндө АКШга каршы массалык нааразылык акциялары өтүп жатат.
Багдаддын борборунда ирактык шиит топторунун жактоочулары “Жашыл зонадагы” АКШ элчилигине кирүүгө аракет кылып жатышат.
Коопсуздук күчтөрү аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонуп жатышат.
Кечээ кечинде элчиликке алып баруучу көпүрөгө бетон тосмолор орнотулган.
В
Соцтармактарда да нааразычылык акциясынын катышуучуларын суу аткычтар менен кууп таратып жаткан видеолор тарады.
Пакистандын Карачи шаарында нааразычылык акциясынын катышуучулары АКШ консулдугуна кирүүгө жетишти, бирок коопсуздук күчтөрү аларды артка сүрүп чыгарды.
Алар нааразычылык акциясынын катышуучуларына ок чыгарып, ошондой эле көздөн жаш агызуучу газ жана дубинкаларды колдонушту. Кеминде сегиз адам каза болуп, 18 адам жаракат алды.
Тегерандын тургундары маркум Жогорку лидердин элесин эскерүү үчүн демонстрацияга чыгышты. Акциялар Ирандын башка шаарларында да өтүп жатат: эл “Америкага өлүм!” жана “Израилге өлүм!” деген ураандарды чакырып жатышат.
Индиянын Каргил шаарынын тургундары да Иран Ислам революциясынын жогорку лидери Али Хаменеиге аза күтүүдө.
Видеоплеер
00:00
00:00
0:36
1-мартка караган түнү Ирандын мамлекеттик телеканалы Жогорку лидер Али Хаменеи каза болгонун жарыялады. Аятолланын кызы, күйөө баласы, небереси жана келини дагы АКШ менен Израилдин чабуулдарынан каза болушкан.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн тарыхындагы эң кубаттуу чабуул башталганын жарыялады.