Ислам революциясынын лидери аятолла Али Хаменеи Европа студенттеринин исламдык ассоциациялар союзунун жылдык жыйынына жолдогон кайрылуусунда бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн эң маанилүү муктаждыгы — адилеттүү улуттук жана эл аралык исламдык тартип экенин белгиледи.
“Mehr news” агенттиги маалымдагандай, Али Хаменеи өз кайрылуусунда АКШ армиясынын жана Израилдин Иранга жасаган соңку чабуулу ирандык жаштардын демилгеси, эрдиги жана жан аябас курмандыгы аркылуу жеңилгенин белгиледи.
Хаменеи Иран эли өз мүмкүнчүлүктөрүнө таянып, ишеним жана жакшы амалдардын аркасында, бузуку жана зөөкүр үстөмдүк кылуучуларга каршы туруп, исламдык баалуулуктарды дүйнөгө мурдагыдан да катуураак үн менен жеткире аларын далилдегенин белгиледи.
“Бир катар окумуштууларыбыздын, аскерий командирлерибиздин жана бир катар мекендештерибиздин шейит кетиши ирандык жаштарды токтото алган жок жана токтото албайт, шейиттердин үй-бүлөлөрү да өздөрү кыймылдын алдыңкы катарында турушат”, – деди ал.
Аятолла белгилегендей, бузуку жана зөөкүр күчтөрдүн чыныгы тынчсыздануусу Ирандын ядролук программасында эмес, анын дүйнөдөгү адилетсиз тартипке каршы туруусу жана адилеттүү улуттук жана эл аралык исламдык системаны курууга умтулуусунда.
Ал чет өлкөлөрдө окуган студенттерди өз мүмкүнчүлүктөрүн ушул маанилүү максатка жетектөөгө чакырды.
Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Иранга каршы аскердик операция баштаган. Израилдин Ирандын өзөктүк, аскердик жана жарандык объекттерине жасаган аба соккуларында 1000ден ашуун адам, алардын ичинде жогорку аскер жетекчилери, өзөктүк илимпоздор жана жай тургундар (аялдар жана балдар) каза болушкан.
Бир суткага жетпей Ислам Республикасы жооп чабуулун жасай баштаган. Америка Кошмо Штаттары жаңжалга тогуз күндөн кийин кошулуп, Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахандагы өзөктүк объектилерине сокку урган. 23-июнь күнү кечинде Иран жооп ирээтинде Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы Катардагы Аль-Удейд авиабазасына чабуул койгон. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышпоо жарыялоого макул болгонун жарыялап, ал 24-июндан тарта күчүнө кирген.