Хаменеи Израилге эскертүү берди

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Израилге каршы массивдүү ракеталык чабуулу менен бир убакта Ислам революциясынын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өзүнүн X соцтармактагы баракчасына иврит тилинде билдирүү жасады.

Хаменеи өз билдирүүсүндө Израилге каршы исламдык каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн чабуулдары дагы масштабдуу боло турганын эскертти.

“Сионисттик режимдин (Израиль – ред.) чирип бараткан денесине каршылык көрсөтүү фронтунун соккулары дагы катуу болот”, – деп жазды аятолла.


1-октябрдын кечинде Иран ракеталар менен Израилдин аймагына массалык сокку урду. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы, генерал-майор Хоссейн Салами басып алынган аймактарга карай 200 ракета учурулганын жарыялады.

Иран Израилге кол салуу учурунда биринчи жолу “Фатех” гиперүндүү ракетасын колдонгонун кийинчирээк Ирандын мамлекеттик IRIB агенттиги билдирди.

Сакчылар корпусу түнкү чабуул ливандык “Хезболланын” баш катчысы Хасан Насралланын, ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания жана Кудс күчтөрүнүн командири Аббас Нилфорушандын өлүмүнө жооп болгонун билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, Израилдеги буталарга ракеталардын 90%ы тийген.

Иран бийлиги соңку чабуул Израилдин Газадагы геноцидине, Ливан жана Сириядагы чабуулдарына тиешеси бар аскердик жана коопсуздук объектилерине гана багытталганын жана ал БУУнун Уставынын 51-беренесине ылайык, өзүн өзү коргоо максатында жасаганын билдирди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран чоң ката кетиргенин жана анын кесепетин тартарын билдирди.

Комментарий жиберүү