Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи 16-июлда Ирандын сот системасынын өкүлдөрү менен жолугушууда Израиль менен акыркы болгон кыска мөөнөттүү согуш учурунда иран элинин биримдигин жогору баалап, улуттук биримдикти сактоо ар бир адамдын милдети экенин баса белгиледи.
“Бул 12 күндүк согушта элдин эбегейсиз эмгеги улуттук чечкиндүүлүк, эрк жана өзүнө болгон ишеним менен болду. Анткени АКШ сыяктуу күчкө жана анын шериги Израилге каршы турууга рухтун жана даярдыктын бар болушу абдан баалуу нерсе”, – деди ал.
Хаменеи Пехлеви режими учурунда АКШга каршы пикир айтуу мүмкүн эместигин эске салып, Иран азыр Америкадан коркпостон, аны коркута турган абалга жеткенин, бул улуттук дух жана эрк Иранды чоң максаттарына жеткирерин белгиледи.
Анын айтымында, Иран эли бир дагы майданда алсыз тарап катары чыкпайт, Иранда логика жана аскердик күч сыяктуу бардык керектүү инструменттер бар. Ошондуктан, дипломатиялык же аскердик тармакта болобу — ар дайым ийгиликке жетет.
“Израилди “рак шишиги”, ал эми Американы аны колдогону үчүн кылмышкер деп эсептесек да, согушту кубаттаган жокпуз. Бирок душман кол салган сайын, биздин жообубуз күчтүү жана катуу болгон”, — деди аятолла.
Хаменеи Ирандын катаал жооп кайтаруусунан израилдик режим АКШдан жардам сурап кайрылууга аргасыз болгонун, эгерде сионисттик режим өзү коргонууга жөндөмдүү болсо, АКШга кайрылмак эместигин, бирок алар Иран Ислам Республикасына туруштук бере албай турганын түшүнүшкөнүн белгиледи.
Революциянын лидери ошондой эле Ирандын АКШнын чабуулуна жооп катары Ирактагы америкалык базага жасаган чабуулу АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң маанилүү борборуна сокку болгонун белгиледи.
“Маалыматтардагы цензура алынып салынса, Иран канчалык оор сокку урганы белгилүү болот. Албетте, Америкага жана башкаларга мындан да чоң сокку урууга мүмкүн”, — деди Ирандын лидери.
Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштаган. Бир суткага жетпеген убакыттан кийин Ислам Республикасы жооп чабуулун жасаган.
Жаңжал күчөгөндөн тогуз күн өткөндөн кийин, ага АКШ киришип, 22-июнга караган түнү Американын куралдуу күчтөрү Ирандын үч өзөктүк объектисине чабуул коюшкан. 23-июнда кечинде Тегеран Жакынкы Чыгыштагы америкалык эң ири Катардагы Аль-Удейд аба базасына ракеталык сокку урган.
Жаңжалга 12 күн болгондо АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышууну толук токтотууга макул болушканын билдирген. Израилдин бийликтери АКШнын сунушун кабыл алганын ырастаган. Иран Израилди жеңгенин жарыялап, аны агрессиясын бир тараптуу токтотууга мажбур кылышканын билдирген.