Хаменеи Иран Израиль менен АКШны жеңгенин айтты

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи иран тарап соңку жаңжалда Израилди да, АКШны да жеңе алганын билдирди.

Бул аятолланын Израил менен кагылышуу аяктагандан жана АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине сокку ургандан берки элге жасаган биринчи билдирүүсү.

“Улуу Иран элине бир нече куттуктоолорду айтууну зарыл деп эсептейм. Биринчиден, сионисттик режимдин үстүнөн болгон жеңиш менен куттуктайм. Ушунча ызы-чуу жана дооматтар менен сионисттик режим Ислам Республикасынын соккусунан дээрлик кулап, талкаланды”, – деди ал видео кайрылуусунда.

Хаменеинин экинчи куттуктоосу — “Ирандын Америка режимин жеңгенине” байланыштуу:

“АКШ түз кагылышууга киришти, анткени алар Израилдин толугу менен жок болорун түшүнүшкөн. Бирок алар эч кандай жыйынтыкка жетишкен жок. Бул жерде дагы Иран жеңип, жооп катары АКШга катуу сокку урду”, – деп кошумчалады ал.

Ирандын руханий лидери АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине келтирилген зыяндын көлөмүн көбүртүп-жабыртып жибергенин, Вашингтон өз максаттарына жете албаганын, ошол эле учурда Тегеран Катардагы америкалык базага зыян келтиргенин билдирди.

“АКШ согушка Израилди сактап калуу үчүн кирди, бирок бул согуштан эч нерсеге жетишкен жок. АКШ биздин өзөктүк объектилерибизге кол салды, бул албетте эл аралык соттор тарабынан кылмыш ишин козгоого арзыйт, бирок олуттуу эч нерсе кыла алган жок. АКШ өз максатына жете алган жок жана алар чындыкты жашыруу үчүн аша чаап жатышат”, – деп билдирди Хаменеи.

Ал кошумчалагандай, Вашингтон Ирандын Катардагы аскерий базага жасаган соккусунан келтирилген зыяндын көлөмүн да азайтып жатат.

Аятолланын үчүнчү куттуктоосу — Иран элинин биримдиги жана ынтымагына байланыштуу болду.

Хаменеи Ирандын улуу эли бир бүтүн болуп, бир добуштан өкмөттү колдогон ураандарды чакырып, куралдуу күчтөрдүн аракеттерин толук колдошконун баса белгилеп, бул биримдик мындан кийин да уланарын билдирди.

Ал кошумчалагандай, иран эли муну менен өзүнүн улуулугун көрсөтө алды.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал 13-июнга караган түнү курчуган. Анда Израиль Ирандын аймагына кол салып, өлкөнүн аскердик объекттери бутага алынган. Ага жооп катары Ислам Республикасы жөөт мамлекетинин аймагына сокку урган. 22-июнда бул жаңжалга АКШ кошулуп, Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы үч өзөктүк объектиге сокку жасады. Ислам республикасы жооп ирээтинде Катардагы америкалык базага сокку урган.

Тараптардын жаңжалы 12 күнгө созулуп, акыры 24-июнда ок атууну токтотууну макулдашкан.

Күн мурун Ирандын президенти Масуд Пезешкян өлкө элин Израилдин үстүнөн болгон тарыхый жеңиши менен куттуктаган.