Ирандын Жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи элге кайрылуусунда өлкөдө болуп жаткан ири нааразылык акцияларынын шартында ирандык жаштарды биримдикти сактоого чакырды. Бул тууралуу IRIB агенттиги кабарлады.
8-январда Иранда 1979-жылы тактан кулатылган шахтын баласы Реза Пехлевинин чакырыгынан кийин нааразылык жүрүштөрү өткөн. Социалдык тармактарда массалык жана кеңири масштабдагы нааразычылык акцияларды көрсөткөн видеолор тарап жатат, бирок ирандык Fars news агенттиги бул акциялар айрым шаарларда гана «чектелүү мүнөздө» болгонун билдирүүдө.
«Кымбаттуу жаштар! Ар дайым даяр болгула жана биримдикти сактагыла! Бириккен эл ар кандай душманды жеңет», — деп Хаменеи сөзүн агенттик келтирет.
Ирандын Жогорку лидери өз сөзүндө нааразылык акцияларына катышкандарды «өз элинин мүлкүн талкалаган бир ууч вандалдар» деп атады.
Ошондой эле Али Хаменеи Ирандагы нааразылык акцияларына байланыштуу иран бийлигине сокку уруулар менен коркуткан АКШ президенти Дональд Трампты өз өлкөсүнүн иштери менен алектенүүгө чакырып, Иран артка чегинбей турганын билдирди.
«Эгер колунан келсе, өз өлкөсүн башкаруу менен алек болсун», — деди Хаменеи.
Хаменеи Ислам Республикасы жүз миңдеген асыл адамдардын каны менен негизделгенин жана кыйратуучулардын алдында эч качан артка чегинбей турганын баса белгиледи.
Ирандагы нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрь айынын аягында улуттук валюта — иран риалынын кескин арзандашына байланыштуу башталган. Алгачкы этапта протесттердин негизги темасы валюта курсунун туруксуздугу жана анын дүң жана чекене бааларга тийгизген таасири болгон. Кийинчерээк Ирандын бир катар шаарларында башаламандыктар болгон.
Ирандын Улуттук коопсуздук жогорку кеңеши өлкөдөгү башаламандыкты уюштурууга АКШ менен Израилди айыптады.