АКШнын Иранга каршы аскердик агрессиясы эки өлкөнүн ортосундагы согуш менен эле чектелбестен, толук масштабдуу аймактык деңгээлдеги жаңжалга айланат.
Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи 1-февралда «Дахе-е Фажр» күндүгүнө карата ар кандай катмардагы эл өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди.
Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Рухолла Мусави Хомейни Иранга 15 күндүк сүргүндөн кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен. Ошондуктан 1-февралдан 11-февралга чейинки он күн «Дахе-е Фажр» деп аталып, бул күндөрү революцияны даңазалаган ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.
«Америкалыктар билип коюшсун: эгер бул жолу согуш башташса, анда ал согуш аймактык согушка айланат», — деген анын сөзүн Tasnim агенттиги келтирди.
Хаменеи ошондой эле Иран эли АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгышка көп сандагы курал-жарак жөнөтүп жатканы тууралуу билдирүүлөрүнөн коркпоого чакырды.
«Биз согуш баштабайбыз жана эч бир өлкөгө кол салууну каалабайбыз. Бирок кимде-ким Иранга кол салып, зыян келтирсе, иран эли катуу жооп берет», — деп баса белгиледи ал.
Мындан тышкары, Ирандын жогорку лидери өлкөдө жакында болгон баш аламандыктарда козголоңчулар укук коргоо органдарына, мамлекеттик мекемелерге жана мечиттерге кол салышканын айтып, алардын аракеттерин мамлекеттик төңкөрүшкө окшош аракет катары баалады.
«Акыркы козголоң төңкөрүшкө окшош болду. Албетте, бул төңкөрүш басылды. Алардын максаты өлкөнүн башкаруу борборлорун талкалоо эле. Ошондуктан полицияга, мамлекеттик мекемелерге, Ислам революциясын сакчылар корпусунун борборлоруна, банктарга жана мечиттерге кол салып, Куранды өрттөштү», — деп билдирди Хаменеи.
Аятолланын бул билдирүүлөрү Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу күчөп жаткан маалда айтылды.29-январда Европа Биримдиги Ирандын 15 кызмат адамына жана алты юридикалык жакка каршы санкция киргизди. ЕБдин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас союз Иран Ислам революциясын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизүүнү чечкенин билдирди.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи бул чечимди стратегиялык ката деп атады. Ал эми Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бул кадам үчүн жоопкерчилик толугу менен европалык саясатчылардын мойнунда болорун эскертти.
Иран парламенти Европа Биримдигинин (ЕБ) Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизүү чечимине жооп катары Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн террордук уюмдар деп тааныды.
26-январда АКШ президенти Дональд Трамп «ири аскердик армада» Иран тарапка жөнөп жатканын билдирген. Ал Тегеран сүйлөшүү үстөлүнө отуруп, ядролук куралдан толук баш тартууну караган «адилеттүү жана тең укуктуу» келишимге кол коёт деген үмүтүн билдирген.