Харрази: Эгер Израиль “Хезболлага” каршы ири чабуул баштаса, аймактык чатак тутанышы мүмкүн

Израиль ливандык “Хезболла” кыймылы менен жаңжалдаша турган болсо, Иран жана “каршылык огуна” кирген мамлекеттер кыймылды колдойт.

Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын жогорку лидеринин кеңешчиси Камаль Харрази Financial Times гезитине берген маегинде айтканын IRNA агенттиги жазды.

Харразинин айтымында, эгер Израиль “Хезболлага” каршы кеңири масштабдагы чабуул баштаса, аймактык чатак тутанышы мүмкүн.

“Ливандыктардын баары, араб өлкөлөрү жана “каршылык огунун” мүчөлөрү Израилге каршы жаңжалда Ливанды колдойт. Согуш жалпы аймакка жайылып, ага башка мамлекеттер, анын ичинде Иран да тартылышы мүмкүн. Мындай кырдаалда “Хезболланы” болгон күчүбүз менен колдоодон башка аргабыз калбайт”, – деди Харрази.

Ирандын жогорку лидеринин кеңешчиси белгилегендей, Тегеран аймактык жаңжалга кызыкдар эмес. Ал жаңжалдардын мындан ары курчушуна жол бербөө үчүн АКШны Израилге кысым көрсөтүүгө чакырды.

Ал согуштун кеңейиши эч кимдин Ирандын да, АКШнын да кызыкчылыгында эмес деди.

Буга чейин Politico басылмасы америкалык чалгын кызматына таянып, Израиль менен ХАМАС Газа тилкесинде ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишпесе, Израиль менен ливандык “Хезболла” кыймылынын ортосунда ири кагылышуу жакынкы бир нече аптанын ичинде болушу мүмкүн экенин жазган.

Израиль армиясы (ЦАХАЛ) 18-июнь күнү Ливанга чабуул жасоо үчүн согуштук аракеттердин планы бекитилгенин жарыялаган. Андан кийин Израиль ТИМинин башчысы Исраэль Кац эгер ири масштабдуу согуш башталып кетсе Ливан катуу жабыр тартып, “Хезболла” жок болорун айткан. Ал Израиль түндүк фронтто өзгөрүү киргизе турган чечимдер кабыл алынарына аз калганын кошумчалаган.

“Хезболланын” башкы катчысы Хасан Насрулла 19-июнда эгер конфронтация мындан ары да күчөй турган болсо, кыймыл Израилдин түндүгүнө кол салышы мүмкүн экенин эскерткен.

2023-жылдын 7-октябрында Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп, Израиль Газа тилкесине чабуулдарды баштагандан бери жөөт мамлекетинин армиясы менен Ливандын “Хезболла” кыймылынын ортосундагы  кагылышуулар үзгүлтүксүз болуп келе жатат. Алардын ортосундагы тирешүү июнь айынан бери күчөдү.

Комментарий жиберүү