Ливандык “Хезболла” кыймылынын жаңы лидери болуп Наим Касем шайланды.
Кыймылдын билдирүүсүндө “Хезболланын” башкы башкаруу органы болгон Шура кеңеши кыймылдын жаңы баш катчысы кылып шейх Наим Касемди шайлаганы белгиленет.
“Биз “Хезболланын” максаттарына жетүү үчүн биргелешип аракеттенүүгө жана жеңишке жеткенге чейин каршылыктын жалынын жаркыратып жана анын желегин көтөрүүгө убада беребиз”, – деп айтылат документте.
Буга чейин Касем “Хезболланын” башкы катчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.
Ал кыймылдын көптөн берки лидери болгон Хасан Насрулланын ордуна келди. Насрулла 27-сентябрда Израилдин Бейрутка жасаган чабууланда каза тапкан.
Наим Касем 71 жашта. Ал Ливандын түштүгүндөгү “Аль-Набатия” провинциясындагы “Кфарфила” шаарында төрөлгөн. Насрулла каза болгондон кийин ал “Хезболланын” башчысынын милдетин аткарып жаткан.