“Хезболла” Израилге каршы баллистикалык ракеталарды колдонууга даяр

Ливандык “Хезболла” кыймылы зарылчылык жаралса Израилге баллистикалык жана жогорку тактык ракеталар менен чабуул жасоого даяр. Бул тууралуу Ливан кыймылынын башкы катчысы Хасан Насрулла “Аль-Манар” телеканалында сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

“Хезболланын Израилге каршы баллистикалык же жогорку тактыктагы ракеталарды колдонуу ниети жок. Бирок алар келечекте колдонулушу мүмкүн”, – деп баса белгиледи ал.

Насрулла кыймылдын жогорку даражалуу командири Фуад Шукрдын өлтүрүлүшү үчүн өч алууну улантууга даяр экенин айтып жатып, “Хезболла” жекшемби күнү эртең менен Израилге каршы жасалган жооп чабуулунун биринчи этабынын жыйынтыгынын чоо-жайын күтөрүн билдирди.

“Бардыгын текшергенден кийин, ливандыктарды жооп бүттү жана алар кадимки жашоосуна кайтып келе алышат деп ишендире алабыз”, – деди ал.

Насрулла ошондой эле “Хезболланын” жетекчилиги башка өлкөлөрдөгү каршылык кыймылдары жана Иран менен координацияланбастан, өз алдынча сокку уруу чечимин кабыл алганын белгиледи.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн чалгындоо кызматы “Хезболла” жөөттөрдүн аймагына кол салууга даярданып жатканын байкагандан кийин жекшемби күнү эртең менен ЦАХАЛ “Хезболланын” буталарына сокку уруп, алардын миңдеген ракеталарын жок кылганын билдирген. Операцияга жүзгө жакын учак катышты.

Израилдин коргоо министри Йоав Галант өлкөдө 48 саатка чукул кырдаал киргизилгенин жарыялаган.

Кийинчерээк Хезболла Израилди көздөй 230 ракета жана 20 дрон кое берген.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын жаңы курчушу Тегеранда палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хания жана Бейрутта “Хезболла” кыймылынын аскердик канатынын командирлеринин бири Фуад Шокр жок кылынгандан кийин башталды.

Иран жана “Хезболланын” жетекчилиги Израилге катаал жооп сокку урууга убада кылышкан.

Комментарий жиберүү