“Хезболла” “Моссаддын” Тель-Авивдеги штаб-квартирасына Кадер-1 ракетасы менен сокку урду

Ливандын “Хезболла” кыймылы Израилдин чалгындоо кызматы “Моссаддын” Тель-Авивдин чет жакасындагы штаб-квартирасына “Кадер-1” баллистикалык ракетасын колдонуу менен талкаланганын жарыялады. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди.

“Ливандагы исламдык каршылык кыймылы өлкөнү жана анын элин коргоо үчүн бүгүн шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6:30да Кадер-1 баллистикалык ракетасы менен Тель-Авивдин четиндеги Моссаддын чалгындоо штабына чабуул жасады” – деп айтылат билдирүүдө.

«Бута “Хезболланын” командирлеринин өлтүрүлүшүнө жана пейжерлердин жана зымсыз байланыш түзүлүштөрүнүн жардырылышына жооп болду», – деп айтылат маалыматта.

Бул Газага каршы согуш башталгандан бери биринчи жолу Тель-Авив шаары Ливан тараптан ракеталык чабуулдун бутасына алынышы.

Комментарий жиберүү