Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун коомчулук менен байланыш кызматы Израилге каршы «Чыныгы убада-4» операциясынын 19-толкунунда «Хорремшахр-4» стратегиялык баллистикалык ракеталары учурулганын маалымдады.
Маалыматка караганда, Ирандын Сакчылар корпусунун Аба-космостук күчтөрүнүнүн кезектеги ракеталык соккусунда Тель-Авив шаарынын борбору, Бен-Гурион эл аралык аэропорту жана Израил армиясынын аба күчтөрүнүн 27-эскадрильясынын авиабазасы бутага алынды.
Ирандык күчтөр бул чабуулда «Хорремшехр-4» баллистикалык ракетасын колдонду. Ракетанын узундугу болжол менен 13 метр, диаметри 1,5 метр, ал эми жалпы салмагы 30 тоннадай. Ракета 1500 килограмм салмактагы оор согуштук бөлүккө ээ. Узундугу 4 метрге жакын болгон бул согуштук бөлүк Ирандын ракета өнөр жайында жасалган эң ири согуштук бөлүктөрдүн бири болуп эсептелет жана 1 тоннадан ашык жарылуучу затты алып жүрө алат.
Бул ракетанын ылдамдыгы атмосферадан тышкары 16 Махка, ал эми атмосфера ичинде 8 Махка чейин жетет. Мындай ылдамдыкта ракета атылган учурдан тартып бутага 10–12 мүнөттө жетет. Мындай кыска убакыт көптөгөн ракетага каршы коргонуу системалары үчүн натыйжалуу жооп кайтарууну кыйындатат.
28-февраль таңга маал Израиль менен АКШ Иранга аба соккуларын баштаган. Буга жооп иретинде Иран Израилди жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларын аткылоодо. Иран ошондой эле Ормуз кысыгында кемелердин кыймылын башкарат, АКШ менен Израилдин кызыкчылыгына кызмат кылган кемелердин өтүшүнө жол бербей жатат.
Беш күндөн бери Иранда чабуулдарда каза болгондордун саны миңден ашты. Алардын арасында Хормозгон провинциясынын Минаб шаарында кыздардын мектебине жасалган чабуулдан өмүрү кыйылган 165 мектеп окуучусу бар. Алардын айрымдарынын сөөгү 3-мартта жерге берилген.
Иран бийлиги Жогорку лидери Али Хаменеи АКШ жана Израилдин биргелешкен аскердик операциясынын натыйжасында каза болгондугун 1-мартта ырастап, өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыялаган.