Хуситтер Израилге гиперүндүү ракеталар менен сокку жасаганын билдиришти

Йемендик хуситтер — “Ансар Аллах” козголоңчул кыймылынын мүчөлөрү — Израилдин Тель-Авив шаарындагы Бен-Гурион аэропортуна, Ашдод жана Эйлат портторуна, ошондой эле Ашкелондогу электр станциясына ракеталар жана дрондор менен сокку жасашканын билдиришти.

Бул тууралуу хуситтердин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Яхья Сариа Almasirah телеканалы аркылуу маалымдады.

Анын айтымында, сокку Израил авиациясы Йемендин Ходейда, Рас-Иса жана Эс-Салиф портторуна, ошондой эле хуситтер көзөмөлдөгөн аймактагы Рас-эль-Хатыб электр станциясына массалык чабуул койгондон кийин жасалган.

Сарианын айтымында, хуситтер Израил тарапка жалпысынан 11 ракета жана дрон учурушкан.

Анын ичинде Тель-Авивдеги аэропорт, Эйлаттагы деңиз порту жана Ашкелондогу электр станция гиперүндүү баллистикалык ракеталар менен аткыланган.