Хуситтер Израилдин Рамон аэропортуна сокку урганын билдиришти

Йемендик хуситтер (“Ансар Аллах” кыймылы) учкучсуз учуучу аппараттар менен Израилдеги бир катар буталарга, алардын ичинде Эйлат шаарына жакын жайгашкан Рамон аэропорту жана Негев чөлүндөгү аскердик объектке сокку урду.

Бул тууралуу кыймылдын аскердик өкүлү Яхья Сария билдирди.

“Йемендик куралдуу күчтөр төрт дрон колдонуу менен ийгиликтүү операция жүргүздү. Анын үчөө Умм-эр-Рашраш аймагындагы (Эйлаттын арабча аталышы – ред.) Рамон аэропортуна багытталса, төртүнчүсү Негевдеги аскердик бутаны көздөй жөнөтүлгөн”, – деди Сария. Анын кайрылуусу кыймыл көзөмөлдөгөн Al Masirah телеканалында көрсөтүлдү.

5

“Ансар Аллахтын” өкүлүнүн айтымында, “операция өз максатына толук жеткен”.

Эки күн мурда эле хуситтер Тель-Авивдеги бир нече буталарга “гиперүндүү баллистикалык ракета” менен сокку урганын билдирген. Израил армиясы Йеменден атылган ракетаны тосуп калганын маалымдаган.

2023-жылы Газадагы жаңжал курчуп кеткенден кийин хуситтер Израилге сокку ура баштарын жана ага байланышкан кемелердин Кызыл деңиз менен Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу өтүшүнө жол бербей турганын эскерткен. Палестин анклавында январдын ортосунда ок атууну токтотуу режиминен кийин хуситтердин чабуулдары токтогон. Бирок марттын башында келишим бузулгандан соң хуситтер Кызыл деңизде Израилге тиешелүү кемелерди кайра аткылай башташып, кийин жөөт мамлекетинин аймагындагы объектилерди бутага алууга аракеттенишкен. Буга жооп катары Израил бир нече жолу хуситтердин инфраструктурасына, анын ичинде Сана аэропортуна жана Кызыл деңиз жээгиндеги портторго сокку урган.