Хуситтер Йеменде Starlink жабдыктарын конфискациялашты

Йемендик хуситтер бир катар Starlink спутник интернет жабдыктарын тартып алуу жана конфискациялоо жөнүндө жарыялап, алардын ээлерин «тыңчылык кылган» деп айыпташты.

Бул тууралуу Saba агенттиги коопсуздук күчтөрүндөгү булагына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, хуситтерге душман болгон, борбору Аден шаарында жайгашкан «экинчи» өкмөт Starlink жабдыктарын контрабанда жолу менен эркин аймактарга жеткирүүгө жана «АКШ менен Израил чалгын кызматынын жана алардын душмандык аракеттеринин кызыкчылыгына кызмат кылууга» аракет кылган.

Хуситтер Starlink жабдыгына ээ болуу «мыйзам менен жазалануучу кылмыш» экенин айтып, жарандарды алар тууралуу маалымат берүүгө чакырышты.

Йемен Жакынкы Чыгышта спутник байланыш кызматтары расмий түрдө көрсөтүлгөн алгачкы өлкө болгон. 18-сентябрда Starlink компаниясына таандык SpaceXтин негиздөөчүсү Илон Маск бул сервис Йеменде иштей баштаганын билдирген. 18-апрелде министрлик өлкө жарандарына Starlink менен кызматташпоого чакырып, анын Йемендеги кызмат көрсөтүүсү мыйзамсыз экенин эскерткен. Мекеменин билдирүүсүндө Starlink тармагын Йемендин каалаган аймагында колдонуу «өлкөнүн улуттук коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурат» деп баса белгиленген.