Бүгүнкү күндө чалгындоочу дрондор маалыматтык согуштардын ажырагыс бөлүгүнө айланган. Көпчүлүк ойлогондой, алардын милдети бир гана сүрөткө тартуу эмес — бул учкучсуз аппараттар “көрүүчү” гана эмес, көбүнчө “угуучу” дагы.
Алсак, Global Hawk сыяктуу дрондор SIGINT технологиясынын жардамы менен радиобайланышты, аскердик рациялардын сигналдарын жана мобилдик байланыштын толкундарын жүздөгөн чакырым алыстан кармап ала алышат.
Бул дрондор кең тилкелүү кабылдагычтар жана спектралдык сканерлер аркылуу миллиарддаган толкундардын арасынан керектүү жыштыкты таба алат. Жогорку сезгич LNA күчөткүчтөрү өтө начар сигналдарды күчөтүп, өтө аз кубаттуулуктагы зымсыз угууну камсыздайт. Антенна тору жана TDOA/FDOA алгоритмдери болсо сигнал чыккан так координатты картада аныктап берет.

1 of 4

Стратосфера катмаркына чейин көтөрүлгөн айрым дрондор спутникке жетип үлгүрбөгөн мобилдик жана спутниктик телефон сигналдарын ортодон кармап ала алышат. Заманбап демодуляторлор бул сигналдардан үн жана маалымат пакетин чыгарып, аны иштетилбеген “чийки” түрүндө чалгын борборлоруна жөнөтөт. Бийиктикте учкан дрондор бардык сигналдарды түз кабыл алат.
Акыркы этапта чогулган шифрленген маалыматтар жогорку ылдамдыктагы спутниктик каналдар аркылуу жердеги борборлорго өткөрүлөт. Андан ары суперкомпьютерлер аларды чечмелөө менен алектенет. Муну менен жогорку тактыктагы антенналарды, өтө сезгич кабыл алгычтарды жана спутниктик байланыштарды бириктирген чалгындоочу учкучсуз учактар аба мейкиндигин толук кандуу чалгындоо башкаруу борборуна айландырып, заманбап согуштардагы электромагниттик мейкиндикти көзөмөлдөөнүн негизги куралына айланды.