Швецияда Газа секторундагы аскердик кылмыштар боюнча иштер иликтенүүдө

Швециянын полициясы Газа секторунда жасалган деп шектелген аскердик кылмыштар боюнча 700дөн ашык арыз кабыл алды.

Sweden Herald агенттигинин маалыматына ылайык, атайын түзүлгөн топ бир катар иштер боюнча өндүрүш ачты.

Арыздар жеке адамдардан да, уюмдардан да түшкөн.

«Бизди биринчи кезекте Швецияга тиешеси бар жана ал жакта чындап болгон күбөлөрдүн айткандары кызыктырат», — деди аскердик кылмыштарды иликтөө боюнча прокурорлор тобунун жетекчиси Регина Девгун.

Анын айтымында, иштердин көбү согуш аймагында аскердик кылмыш жасады деп шектелгендерге байланыштуу, бирок айыптоолор уюмдардын жогорку кызматтагы өкүлдөрүнө да коюлушу мүмкүн.

Топтолгон далилдер Швецияда гана эмес, башка өлкөлөрдө жана эл аралык сот инстанцияларында, мисалы, Эл аралык кылмыш сотунда да колдонулушу мүмкүн.