ШКУнун атайын кызматтары Кытайда антитеррордук машыгуу өткөрүштү

Кытайда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарынын “Өз ара аракеттенүү – Антитеррор – 2024” биргелешкен машыгуулары маалымат-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен өттү.

Бул тууралуу ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн (РАТС) басма сөз кызматы билдирди.

“ШКУнун аймактык антитеррордук түзүм Кеңешинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечимине ылайык, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдары “Өз ара аракеттенүү – Антитеррор-2024″ биргелешкен антитеррордук машыгуулар даярдалып, өткөрүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, машыгуулардын жүрүшүндө кибертерроризмге каршы күрөшүү жана террордук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана террордук коркунучтарды жоюу боюнча биргелешкен антитеррордук иш-чаралар өткөрүлдү.

«Бул машыгууларды ийгиликтүү өткөрүү ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кызматташуу жылдарында топтолгон өз ара аракеттешүүсүнүн сапатын текшерип гана тим болбостон, антитеррордук күчтөрдүн техникалык жана тактикалык потенциалын жогорулатууга ошондой эле аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу максатында биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жаатында пайдалуу изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берди», – деп баса белгиледи РАТСтын басма сөз кызматы.

Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги ШКУга мүчө мамлекеттердин Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда өткөрүлгөн биргелешкен антитеррордук машыгууларын жогору баалады.

ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Анын азыркы мүчөлөрү – Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн штаб-квартирасы Ташкентте жайгашкан.

Комментарий жиберүү