ШКУ негизделгенден берки эң ири саммитке даярдык: катышуучулар эмнени талкуулашат

Кытайдын Тяньцзин шаарында өтө турган саммит Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) негизделгенден берки эң ири жолугушуу болот.

Бул тууралуу Кытайдын Россиядагы элчиси Чжан Ханьхуэй РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.

Быйыл ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны 31-августтан 1-сентябрга чейин Тяньцзинде өтөт. Ага 20дан ашуун мамлекет башчылары жана 10 эл аралык уюмдун жетекчилери катышат.

“Бул саммит ШКУ түзүлгөндөн берки эң ири жолугушуу болот. Бул мүчө мамлекеттердин кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон биргелешкен күтүүлөрүн айгинелейт жана дүйнөлүк коомчулуктун чоң көңүлүн бурат”, – деди Чжан Ханьхуэй.

Анын айтымында, саммитте ШКУ лидерлери коопсуздук маселелерин, анын ичинде терроризмге каршы күрөшүү боюнча адистешкен борборлорду түзүүнү тездетүү жолдорун талкуулашат.

Тактап айтканда, талкууда “терроризмге каршы күрөшүү, баңги соодасына каршы аракеттенүү, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана чек ара коопсуздугун чыңдоо боюнча төрт адистештирилген борборду түзүүнү тездетүү” жөнүндө сөз болот. Мунун максаты – ШКУнун коопсуздукка болгон коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу. Алардын ичинде “үч жаман күчкө” каршы күрөшүү да бар (“үч жаман күч” деп Кытайда терроризм, экстремизм жана сепаратизм айтылат – ред.), ошондой эле трансчегаралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу бар.

“Так багыттар боюнча тараптар коопсуздук, соода, илимий-техникалык инновациялар сыяктуу тармактарда терең талкууларды жүргүзүшөт”, – деп кошумчалады элчи.

Кытай дипломаты белгилегендей, ШКУнун эшиги жаңы мүчөлөр үчүн ачык жана келечекте уюм кеңейиши мүмкүн.

“Азыр барган сайын көп мамлекеттер уюмга кошулууга же ал менен кызматташууну чыңдоого кызыкдар болуп жатат. Бул ШКУ концепциясынын терең кабыл алынганын жана анын өнүгүү келечегине болгон ишенимди толук ырастайт”, – деди дипломат.

Ошону менен бирге, ал ШКУнун кеңейиши “уюмдун жалпы күчүн жана аймактагы таасирин арттырганы менен, эч качан атайын максат болгон эместигин, бул табигый өнүгүүнүн жыйынтыгы” экенин баса белгиледи.

“Уюмдун эшиги ар дайым ачык жана келечекте “ШКУнун чоң үй-бүлөсүнө” жаңы мүчөлөр кошулат деп ишенебиз”,-деди элчи.

ШКУ – 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан кирет. 2024-жылдын 4-июлунда уюмга Астанада өткөн саммитте Беларус расмий түрдө кошулган. Байкоочу мамлекеттер – Афганистан жана Монголия. Диалог боюнча өнөктөштөр – Армения, Азербайжан, Бахрейн, Египет, Камбоджа, Катар, Кувейт, Мальдивдер, Мьянма, Непал, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Түркия жана Шри-Ланка.