Шойгу Иранга эмнеге барды?

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу 5-августта Иранга пландалган иш сапары менен келди.

Сапардын алкагында Шойгу Тегеранда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан жана Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери менен жолугушту.

Шойгу өлкө президенти жана Коопсуздук кеңешинин катчысы менен жолугушууда талкууланган маселелер бүт дүйнөнү камтыганын журналисттерге билдирди.

“Анда Сириядан баштап бүтүндөй маселелер бар. Албетте, Ливандын Израиль менен чек арасында кооптондурган окуялар дагы. Албетте, Тегерандагы акыркы трагедиялуу окуялар дагы, бул темага көңүл бурбай коюуга болбойт», – деди Шойгу.

Буга чейин тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектрин: коопсуздук чөйрөсүнөн соода-экономикалык долбоорлорго чейин, ошондой эле глобалдык жана аймактык коопсуздуктун ар кандай аспектилерин талкуулашыры маалымдалган.

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ахмадиан май айынын аягында телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Шойгуну Иранга чакырган. Бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Москва менен Тегеран кызматташтыгын эң жогорку деңгээлде уланта турганын билдирген.

Иран президенти Масуд Пезешкиан Шойгу менен болгон жолугушуусунда Тегеран менен Москванын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү Ирандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын, эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү зарыл экенин белгиледи.

«Россия Иран элине оор күндөрдө колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн катарында. Бул стратегиялык өнөктөш менен мамилени өнүктүрүү Иран Ислам Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимдерди ишке ашырууну тездетүү зарыл», – деп билдирди Иран президенти. 

Ошондой эле Пезешкиан Вашингтондун лидерлигинин доору бүткөнүн, Тегеран менен Москванын дүйнөгө көп полярдуулукту жайылтуу боюнча кызматташуусу глобалдык деңгээлде коопсуздукту жогорулатарын белгиледи.

«Дүйнөдөгү бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Американын лидерлик доору өттү. Иран менен Россиянын дүйнөгө көп полярдуулукту жайылтуудагы позицияларынын жалпылыгы жана кызматташуусу, албетте, бүткүл дүйнөдө коопсуздуктун жана тынчтыктын деңгээлин жогорулатууга салым кошот”, –  деди Пезешкиан. 

Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы аймактык жана эл аралык кызматташтыктын маанисин баса белгиледи.

Андан мурда Шойгунун Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан менен жолугушуусу болгон. Анын жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу форматта, атап айтканда БРИКС жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында Россия-Иран коопсуздук кызматташтыгынын маселелери талкууланды.

https://iz.ru/video/embed/1738343

Тараптар делегациялардын алмашуусу өсүп жатканын белгилешти.

Шойгу ошондой эле кесиптешине Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын кескин курчушуна тынчсыздануусун билдирди.

Шойгу акыркы жолу Иранга сентябрь айында барган, анда ал коргоо министри болуп турган. Ал Ислам  Республикасынын аскердик жетекчилиги менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Эске салсак, июль айынын аягында Москва менен Тегеран ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк боюнча келишимди даярдап бүтүшкөнү маалымдалган.

Комментарий жиберүү