Украинага берилип жаткан курал-жарактар террорчулардын колуна өтүп, Европадагы жана бүтүндөй дүйнөдөгү туруктуулукка таасирин тийгизип жатканын Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.
«Украина берилип жаткан курал-жарактар «көмүскө рынокко», андан соң террордук уюмдардын колуна өтүп кошумча тобокелчиликтерди жаратууда», – деди Шойгу ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин Нью-Делиде өткөн жыйынында.
Ал Британиянын Украинага кемитилген ураны бар ок-дарыларды жеткирүүнү пландап жатканын эске алганда тобокелчиликтер дагы бир нече эсеге көбөйөрүн баса белгиледи.Анын айтымында, «Киевге курал-жарак жеткирүү жаңжалды гана узартат, жаңы курмандыктарга жана инфраструктуранын талкаланышына алып келет, акыры бумеранг сыяктуу кайтып келип, Европадагы жана бүтүндөй дүйнөдөгү туруктуулукка таасирин тийгизет».”Россияда Украинанын аймагынан келип жаткан коркунучтарды аскерий жол менен жок кылуудан башка аргасы калган жок. Биздин милдеттерибиз түшүнүктүү жана атайын аскердик операция (СВО) аягына чыгат”, – деди Шойгу.Ал Украина аймагынан келип жаткан коркунучтарды аскердик жол менен жок кылуу боюнча атайын аскердик операция аягына чыгарыларын кошумчалады.Россия буга чейин Украинага курал-жарак жеткирилгени үчүн НАТО өлкөлөрүнө нота жөнөткөн. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал-жарак камтыган кандай гана жүк болбосун Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын белгилеган.РФ Тышкы иштер министрлиги НАТО өлкөлөрү Украинага курал жеткирип, “от менен ойноп жатканын” билдирген. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Батыштын Украинага курал-жарак жеткирүүсү орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгилигине өбөлгө түзбөй, терс таасирин тийгизерин белгилеган.Лавров АКШ менен НАТО Украинадагы жаңжалга түздөн-түз катышып, «бир гана курал-жарак менен камсыз кылбастан, ошондой эле Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн аймагында кадрларды… даярдап жактанын билдирген.